www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украиналык “Оппозиционная платформа-За жизнь” партиясынын өкүлдөрүөкмөттүн отставкага кетүүсүн талап кылышууда. Буга Коронавирус оорусу чыккан Кытайдан чет өлкөлүк жарандары менен кошо украиналыктарды эвакуация кылуу себеп болгон. Бул тууралуу украиналык маалымат булактары жазып чыкты.
Саясатчылардын айтымында, өлкө вирустун жайылышына каршылык көрсөтүүгө даяр эмес. Буга ылайык, оппозиционерлер карантинге жооп бере турган чиновниктерди кызматтан бошотууну талап кылышты. Партиянын өкүлдөрү эсептегендей, Алейсей Гончаруктун өкмөтү-улуттук коопсуздук үчүн зор көйгөй болуп саналат.
Партия Кытайдан Украинанын жарандары менен кошо кайсы өлкөнүн жарандары эвакуацияланса, ошол мамлекет менен тезинен консультация жүргүзүү керектигин айтты.
Украина Кытайдан өзүнүн 49 жаранын жана 25 чет өлкөлүк жаранды алып чыгууну пландап жатат. Алар өлкөгөбүгүн, 20-февралда учуп келиши керек.
Булак: NazarNews.kg