www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

Урматтуу мекендештер!

Кадырман мусулмандар!

Баарыңыздарды Орозо айтыңыздар менен куттуктайм!

Миңдеген мекендештерибиз жылдын эң узак жана аптаптуу мезгилинде,бир ай бою Кудайдын чоң сыноосунан өттү. Орозо - биринчи кезекте адамдын ички дүйнөсүн тазартуу мезгили. Орозо –күнүмдүк көртирликтин кулу болуп калган жокмунбу, өмүрүм маңыздуу өтүп жатабы, эл-жериме жакшылыгым, пайдам тийип жатабы деген суроолорго жооп издөө мезгили.

Көп улуттуу кыргыз эли өз тарыхында көп сан маданияттар менен диний ишенимдерди, дүйнө таанымдарды баштан өткөргөн. Бардык маданияттарга, ишенимдерге сабырдуу мамиле жасап келген. Ошону менен катар өзүнүн эркин мүнөзүн,терең тарыхы менен маданиятын муундан муунга сактап жана мусулманчылыктын жакшы жөрөлгөлөрү менен шайкеш келтире алган.Ислам – тынчтыктын, ынтымактын жана жаратмандыктын   дини. Демек, ар бир мусулман баласы сабырдуулуктун, адептүүлүктүн жана маданияттын өрнөгүн көрсөтүшү керек! Көп улуттуу кыргыз элинин биримдигин, ынтымагын коргош керек.

Урматтуу мекендештерим!

Кадырман мусулмандар!

Дагы бир жолу баарыңыздарды Ыйык Орозо айт менен куттуктайм!

Үйүңүздөргө кут консун, аман-эсен, бак-таалайлуу болгула!

Айтыңыздар маарек болсун!” деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости