www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Учурда алсыз бийлик Аида Салянованы «темир айымды» сындыра албайт, анткени алар калдыркан, өздөрү бат эле айрылып калаарын түшүнбөй жатышат.
Кудай бар да, «бирөөгө ор казсаң, өзүңө зындан» демекчи, бийликтин калптары четинен чыгып, кемеси күндөн-күнгө чөгө баштады. Айласы кеткен бийлик жаш баланын кылыгын кылып, күчтүү оппоненттерин каралоо ирээтинде болбогон «дешевый-черный» пиарларды ойлоп таап жатышат. Бийликтин ойлоп тапкан кара пиарлары, четинен калп болуп чыгып, калптары ашкереленип жатат. «Белизгейт» боюнча да жалган маалыматтарды чыгарышты, же анысынан жыйынтык жок. Бийликтегилер бул жалган маалыматты элге жарыялап алып, эми бул маалыматты ырастай албай баштары маң болуп турган мезгили. Эми болсо кайдагы бир Елисеевдин ишине байланышкан бирдемени ойлоп табышты. Елисеевдин иши мыйзам чегинде болгонун ошол учурдагы министрликтин аппараты тастыктап беришкен. Бул ишти мыйзамдуу аткарганын Аида Жеңишбековна да айтып келет. Ошого карабастан бийликке көз каранды соттор адилеттүү чечим кабыл алууга даай албай, кожоюндарынын тапшырмаларын так аткарууга киришти. Буга себеп, жок эле дегенде бир жума ичинде тааныша турган документти, бир саатта карап чыктым деген соттун апыртмасына ким ишенет. Бул кылмыш ишин далилдей албай акыры бийликтин айласы кеттиби айтоор, эми бийликке таандык ММКлар аркылуу прокуротура кызматкерлери үчүн курулган жаңы имаратты куруудан паленбай акчалар мыйзамсыз коротулган, ал учурда Башкы прокурор Аида Салянова болгон деген ушакты тарата башташты. Дагы бир жалган жалаа менен, кылмыш ишин ачуу максатында. Демек, бийликтин кийинки апыртма ШОУконцерти даяр десек болчудай. Булар эптеп эле кара күчкө салып оппоненттерин камаганга ашыгып жатышат. Жеке кызыкчылыктары үчүн, мыйзамды тебелеп, «жумурткадан кыр издеген» бийликтин мындай ыплас аракеттери суу кечпээри анык.
Элибизде «ак ийилет, бирок сынбайт»деген жакшы учукул кеп бар, булар бул кылыктары үчүн, мыйзамды одоно бузгандары үчүн эртеби-кечпи жооп берет, тарых баарына тараза. Мындай кадамдар менен Президенттин жанындагы сабатсыз кеңешчилери акыры бийликти элге жек көрсөтүп, президентти аңга түртүп тынышпаса болду.
Булак: "chyndyk.kg"