www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кече жакында эле УКМКнын төрагасынын орун басарлык кызматынан ыргыган Болот Сүйүмбаев премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча Мамлекеттик кызматтын төрагалыгына дайындалганы маалым болду.
Өкмөт башчысынын мындай кадамы кыргызстандыктар үчүн өтө түшүнүксүз болуп турат. Эмнеге кече эле контрабандага шектелип, кызматынан ыргыган чиновникти кайрадан жооптуу кызматка дайындады? Контрабанданы калкалап келген Болот Сүйүмбаев экономикалык кылмыштуулук менен кантип күрөшөт? Тескерисинче, андай кылмыштуулукту өркүндөтпөйбү? Же экс-президент А. Атамбаевден ошондой буйрук түштүбү? Эгерде ошондой болсо, анда өкмөт башчы С. Исаков мамлекет үчүн эмес, аны ушул кызматка чейин сүйөмөлөп алып келген шефи А. Атамбаевге гана кызмат өтөйт турбайбы деп калдык.
Эске сала кетсек, бүгүн, 16-апрелде Болот Сүйүмбаев Экономикалык кылмыштарга каршы кызматтын башчылыгына дайындалды.
Булак: NazarNews.kg