www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Сооронбай Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү талабы коюлгандан бери карай укук коргоо, көзөмөл, сот органдарынын иши бир топ кыймылдай баштаганы белгилүү. Кыска убакыт аралыгында эле бир катар ири коррупциялык схемалар табылып чыкты. Бир нече чиновниктер кармалды.

Бирок, мына ушул күрөш КР президентинин мурдагы аппарат жетекчиси, экс-президенттин башкы кеңешчиси Фарид Ниязовду кыйгап өтүп аткан сыяктуу болууда. Деги эле анын жасаган мыйзамсыз иш-аракеттерине мыйзамдуу чара көрүлө тургандай түр жок.

Биз көп жагдайларды айтпай эле, эки жагдайга токтолгубуз келет. Биринчиси, Ф. Ниязовдун 2010-жылдан кийинки убакытта эле жалпысынан 40 гектардан ашык жер тилкесине ээлик кылып калганынын сырын билгибиз келет. Карапайым адамдар 4 соток жер тилкесине жете албай жүрүшсө, Ф. Ниязов 40 гектар жерге алты жылда эле ээлик кылып калып атат.

Экинчиси, Ф. Ниязовдун тикелей кийлигишүүсүнүн натыйжасында 350дөн ашуун адам иштеп келген «Вечерний Бишкек» басма үйү басылып алынып, учурда банкроттук абалга кептелди. Бул багытта да кынтыксыз иликтөөлөр талап кылынат. Кимдир-бирөөнүн бизнесин тартып алып, ичинен кан өткөрүү кандай болорун Ф. Ниязов да жон териси менен сезиши керек.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости