www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 27-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынындагы “Ар кыл маселелер” саатында шайлоочуларды түйшөлткөн маселелер КР Өкмөтүнө багытталды.
Депутат Алмазбек Эргешов бизде мобилдик операторлор ортосундагы чалуулар (интерконнект – мобилдик операторлордун ортосундагы байланыш мамилелер системасы) өтө кымбат экенин коңшу мамлекеттер менен салыштырып, тастыктап берди. Анын айтымында, айлык акылары 10 эсе жогору турган Европа өлкөлөрүндө мобилдик операторлор ортосундагы чалуулар 1 сом. Ал эми бизде 3 сом 60 тыйын. “Бул биздин мобилдик оператор компанияларынын өз ара сүйлөшүп алып, койгон баалары. Ошону менен катар мобилдик интернет дагы коңшуларга салыштырмалуу 6 эсе кымбат”,- дейт эл өкүлү.
“Дүйнө жүзүндө доллар маселеси көтөрүлүп, Орусия мамлекети бул валютадан баш тарталы деп жатат”,- деген депутат Дастан Бекешев Орусиядан алынуучу газды рубль же сом менен алууну сунуш кылды. Мындан сырткары депутат Медициналык академиядагы массаж бөлүмүн жаап, медициналык колледжге өткөрүп берүү боюнча чечимди туура эмес деген пикирин ортого салды. Аталган бөлүмдө окуй турган көзү азиз балдар кийин колледждин диплому менен жумушка орношуусу кыйын экенин кошумчалады.
Бүгүнкү күндө Бишкек, Ош шаарларында кредитке троллейбус, автобустар алып келинүүдө. Бул тууралуу сөз козгогон депутат Марлен Маматалиев эмне үчүн Европадан троллейбус, автобустар алынбай жатканы боюнча суроо койду. Анын белгилөөсүндө, маселен, Италияда троллейбустар шаар ичинде кадимкидей эле жүрүп, шаар сыртына келгенде туташкан зымдарынан ажырап, жаңы конуштарга кирип чыгуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ. Ошондой эле Европада автобустар электр кубаты менен жүрөт. “Бул шаар калкына экологиялык жактан да, жаңы конуштардагы элге дагы абдан ыңгайлуу болот”,- дейт депутат.
Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунун тургундары депутат Аида Исмаиловага арыз менен кайрылышкан. Жергиликтүү тургундар электр кубатына эки эсе кымбат төлөп жатышканын, 700 кВаттан ашкан электр кубатын жаккандар үчүн коюлган 2,16 тыйындык тариф өз маалында Казакстандан электр кубаты импорттолгон учурда гана кабыл алынгандыгын белгилешкен.
Депутат Закир Шарапов Баткен облусунун Кадамжай районунун 15тей айылы чек ара макамын ала албай келе жатканын айтып, Өкмөттөн бул маселени тездетип берүүнү өтүндү.
Балыкчы-Тоң-Каракол жолунун курулушу боюнча маалымат сураган депутат Абдыбек Дүйшалиев Тоң районунун үстүңкү өрөөнүндөгү 11 айылды байланыштырган авто жолу абдан начар абалда экенин билдирди.
Ушул эле Тоң районунун жайлоолорунан дары чөптөр кадимкидей эле чабылып, чогултулуп, камаз-камаздап сыртка чыгарылып жатканын депутат Экмат Байбакбаев кабарлады. Эл өкүлү мындай дары чөптөрдү өзүбүздөн деле иштетсек болбойбу деген маселени койду.
Депутат Курманкул Зулушев 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кире турган бир катар кодекстерде кемчиликтер бар экенин белгилеп, кодекстерди иштеп чыккан жумушчу топту чакырып, комиссия түзүп, кодекстердеги кемчиликтерди четтетүү иштерин азыртадан баштоону сунуш кылды.
Депутат Эмил Токтошев жөлөкпул жөнүндө мыйзам жер-жерлерде так аткарылбай жатканын билдирди.
Булак: NazarNews.kg