www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн атайын жыйынында эмгек жана социалдык өнүгүү министринин мурдагы орун басары Зууракан Каденова катышкан окуя боюнча оюн билдирип, бул тууралуу жазылган маалыматтарга жетиштүү реакция кылбаганы үчүн Тышкы иштер министрлигин сынга алды.

Бул тууралуу өкмөттүн аппараты тараткан маалыматта айтылат.

- Жогорку кызматтарды ээлеген кызмат адамдары кол алдындагы кызматкерлерге, коомдо жүрүм-туруму менен үлгү болууга тийиш. Болбосо мамлекеттик кызматка келбешибиз керек. Азыр Сеулдагы аэропортто болгон көрүнүштү алсак. Бул жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында макалалар жазылып жатты. Бирок тармактык министрликтен муну четке каккан эч кандай реакция болгон жок. Соңунда инциденттин бардык жагдайлары коомчулукка жарыяланды,- деди жыйында премьер-министр.

Абылгазиев “айрым жетекчилердин жүрүм-туруму өлкөнүн бүтүндөй өкмөтүнө көлөкө түшүрүп жатканын” белгиледи. Ал бул жааттагы сын туура болуп жатканын айтып, дипломатиялык паспортторду пайдалануу талаптарын күчтөндүрүүнү тапшырды.

- Дипломаттык паспорт жеке ыңгайлуулук үчүн эмес, кызматтык маселелерди ыкчам чечүү үчүн керек, - деди ал.

Эске сала кетсек, экс-орун басар Зууракан Каденова соолукту. Соолугуп, Кореянын Инчхон аэропотундагы окуяны түшүндүрүп кирди. Ал мас болуп алып “Эйр Астана” авиакомпаниясынын учагында жаңжал салганын танууда.

Сеулда Зууракан Каденова Кореянын KOICA уюмунун чакыруусу менен 20 күн окуган. Аны менен министрликтин дагы бир кызматкери чогуу болгон.

“Мен Кореяда диета кармап, 5 килограмма арыктадым. Акыркы күндөрү Сеулда мени жүрөгүм кыйнап жүрдү, - дейт чиновник айым. – Кайтаардын алдынан  валерьянка ичкем, андан кийин аэропортто катталуунун алдынан корвалолдун калганын ичип алдым. Бөтөлкөдө 40 тамчыдай бар болчу, адатта 30 тамчыдан ичишет. Андан кийин эки бөтөлкө кока-кола ичтим. Учакка отуруп, курду тагынгандан кийин өзүмдү жаман сезе баштадым”, - деп түшүндүрдү Зууракан Каденова.

“Дааратканага баргым келди, бирок стюардесса даараткана ачык эмес деп урусакт бербей койду. Ал мага баштыкча алып келип берди, мен ага эки жолу кустум. Мен дарыны ач курсакка ичип алгандан улам ооруп калдым окшойт. Бортто эч ким менен чырдашкан жокмун. Мен болгону учуп кетүүгө уруксат берүүнү өтүндүм. Экипаждын мүчөлөрү менен менин атыман министрликтин кызматкери Гүлмира Мамырканова сүйлөшкөн. Мен таптакыр сүйлөшө албайт элем. Бирок, коляска алып келип, мени учактан чыгарып кетишти”, - дейт экс-министр.

Зууракан Каденова таптакыр спирт ичимдигин ичпешин айтат. “Аэропортто мага биздин элчиликтин кызматкери келип менден спирт жыттанып турганын айтты. Бирок, мен мас эмес экенимди, мунун баары дарыдан экенин түшүндүрдүм. Мен таптакыр ичпейм, орозо кармайм”, - деп билдирди ал.

Зууракан Каденова жумушунан эмгек өргүүсүн алып Түштүк Кореяга учуп кеткен. Ал өзүнүн кызматтан алынышы боюнча сотко даттанбайт. “Бул саясий чечим. Сеулдун аэропортунда мен тууралуу жаңылыктарды окуганда эле кызматтан кетүүгө даяр болчумун”, - дейт Зууракан Каденова. Ошондой эле, ал “Эйр Астана”авиакомпаниясынын кара тизмесине киргизилбегенин, окуядан кийинки күнү ошол эле компаниянын рейси менен учуп келгенин билдирди.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Зууракан Каденованын Сеулдун аэропортунда мас болуп алып чыр салганын Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилов ишемби күнү билдирген болчу. Андан кийин бул маалыматты Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султанов тастыктаган. Алардын айтымында Зууракан Каденова учакка мас абалында кирип, ызы-чуу чыгарган. Экипаж анын айынан бардык жүргүнчүлөрдү түшүрүүгө мажбур болуп, рейс бир нече убакытка кечиккен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости