www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Алмазбек Манасбекович, Аксы жолуна байланыштуу күйүп-бышып маселе көтөрүп жаттыңыз эле. Андан бир жыйынтык чыкчудайбы?

-- Ал жалгыз эле Аксыны эмес, 350 миңдей адам жашаган үч районду, Таш-Көмүр шаарын, Шамалды-Сайды байланыштырып турган жол. Стратегиялык маанидеги жол болуп эсептелет. Ошону карал, планга киргизип бергиле десек, транспорт министрлиги «акчабыз жок» деген шылтоону айтууда.

-- Транспорт министрлигиндегилердин айтымында, алар жолду этап-этабы менен тилке-тилке кылып оңдошот окшойт.

-- Ал өзүн-өзү алдамай, жаш баланын оозуна упчу салып койгондой эле нерсе. Эми элестетсеңиз, жылына бир чакырымдан жасаганда, алтымыш чакырым жолду алтымыш жылда бүтөбү? Жолду бир жасабаса, жаңы тилке башталган кезде мурдагысы бузула баштайт.

-- Чыңдал эле каражат жокпу, же тек гана ал жолго маани бербей жатышабы?

-- Бюджетте чындыгында эле акча жок. Ошон үчүн мен айтып атам, «2023-жылдан 2029-жылга чейин чет элдик кредиттерди кайтаруунун эң пиги болот. Силер эл аралык донорлор менен сүйлөшүп, «акчаны алып баштайбыз, бирок, төлөгөндө 2030-жылдан тарта төлөп баштайбыз» деп айткыла» дедим. Отузунчу жылдан кийин карыздар азайганда төлөй баштаса болот. Бүгүнкү күндө мамлекеттик бюджетке күч келтирбей, кредиттин эсебинен салыш керек, Мамлекеттин өз эсебинен салганга шарты жок.

Булак: "АЗИЯnews"

 

Последние новости