www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чайпалсак да, төгүлгөн жокбуз... Үстүбүздөгү жылдын 31–августунда өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнүн 28-жылдыгын белгилейбиз! Албетте, кылымдарды карыткан кыргыз эли үчүн бул, бир эле көз ирмем. Ал эми, адамдын жаш өлчөмү менен алсак 28 жашка чыккан адам, көз карашы калыптанып, турмуштук бир багытты көздөп калган учуру да. Эми эң негизгиси, ошол мамлекетибиз эгемендүүлүктү алгандан берки өткөн жылдарга, мен, жөнөкөй айылдык интелегенциянын өкүлү катары, акыл парасатымдын жетишинче, кыскача сары эсеп салып, артка кылчайып карап жетишкендик менен кемчиликтерибиз жөнүндө азын оолак токтолуп кетким келди.
Ооба, Эгемендик алыш үчүн далай мамлекеттер кан төгүүнүн аркасында ээ болушса, биздин постсоветтик республикалар, бир мылтыктын үнү угулбай, бир таңда эле Эгемендүү мамлекет болуп калгандыгыбыз бул Кудайдын берген чоң белеги эле!
Ошентип, биздин мамлекетибиз дагы, атасынан бөлүнүп чыккан балдардай болуп, өз түйшүгүбүздү өзүбүз тартып, эгемендүүлү сапарына кадам таштадык!
28 жылдын ичинде, там-туң бастык, мүдүрүлдүк кайра турдук, талаштык-тартыштык, кечириштик, болбой кетириштик, бирок эгемен сапарыбыз, айылдагы, көрүнгөн уйдун артынан ээрчиген, бука сийдиктин изиндей ийри-муйру болуп алыстай алган жокбуз! Аттиң, Л.Толстойдун, “мүдүрүлгөнүңдү кырсык дебе, балким чын бактың ошол жерден башталышы мүмкүн”,- деп айтканы биз үчүн болбой калды!
Биздин мүдүрүүлөрүбүз, биз үчүн трагедия гана болуп, ар-бир мүдүрүлгөнүбүз бизди он жылдап артка тартып турду! Чын, башында Аскар Акаевдей, жаркылдаган ажолу болгондугубузга сыймыктанып да жүрдүк! Башталышы жаман болгон жок, эгемендүүлүк, герб, желек, Баш мыйзам, өз валютабыз, татыктуу кадрлар, барандуу губернаторлор, сүрдүү министрлер, ишкер акимдер, билимге, реформага умтулган жаштар, чын эле сонун эле баратканбыз!
Анан, “башталось”, базар экономикасы, ААК, ЖЧК деген “каапырлар” пайда болуп, завод фабрикадагы алтын баасындагы станоктор ит бекерге сатылды.
Талгарбековдун реформасы, айыл-чарбасынын таш талканын чыгарды! Эл, бай - кедейге бөлүндү! Анан, элиме “Мээримимди” чачам деп Апчебиз чыкты! Ал апчебиз болсо, “кызый, кызый кыздын койнуна кирет”,- болуп бийликтин койнуна баш оту менен кирип кетти. Ажонун күндүзү чыгарган указдары, кечинде кайра бузулуп турду. Эртең менен эле, Ф.Кулов губернатор болбой калды, аэропортко барып И.Болжурова эжем Ажо менен чогу учпай калды, М.Жангарачова “тойдумду” айтып баса берди, акимдер өзүлөрүнүн “айда пошёл” болгонун радиодон угуп калышты! Кадр саясаты ошону менен тамам болду!
Эми көп нерсени, адистердин акыл парасаты чечпей эле, М.Жангарачова айткандай 300 миңдеген “жашылбайлары” чечип калды. “Любимчиктер” менен аспиранттардын, капчыктуулардын күнү тууду! Эл менен эч кимдин иши болбой калды. Ошол кездеги “зав райОНО” катары мектептерге барып, мугалимдерге көрсөтмө бермек турсун, алты айлап айлык албаган, суук мектептерде тоңуп отурган агай-эжейлердин көзүнө тике карагандан уялып, көзүбүздү ала качкан учурга жеттик! Айлыктарды арак, ун менен бере баштадык! Эл, ушундай кырдаалга да чыдады.
Бирок биз болбой эле “Атакебизди” кайра - кайра шайлай бердик. Коррупционерлерди Манастын арбагы урбай эле, алар 7-этажга чыгып алып түз эле канайымдын капчыгына кирип жатты. Акыры 2005 - жылкы ЖК болгон чыр шайлоо, элди ойготуп, жалпы эл бийлике каршы көтөрүлүп 24-мартта бийлик алмашылды. Бир жакшы жери, бийлик алмашканы менен, эч кандай “учредительдик” же “убактылуу өкмөт” деген мыйзамсыз кадамдарга барышпай, Баш мыйзамдын негизинде мыйзамдуулук толук кандуу сакталды. Орусча айтканда, “правовое поле” бузулган жок. Керек болсо эл нааразы болгон “Алга Кыргызстанчылар” келген жаңы шайланган чырдуу ЖКда таратылган жок. Бул чыны туура кадам болду!
Ошентип кайрадан “мүдүрүлгөн” жерибизден туруп алдыга жыла баштадык. Дагы жаман болгон жок, көзү тирүү кадрлар кызматка келе баштады. Жакшы жашоонун жыты келгенсип калды, мектептерде балдарга ысык тамак берилип, пенсия, айлыктар аз болсо да көтөрүлө баштады. Мен иштеген райондо, мурунку 15 жыл ичинде мектеп эмес, киченекей ФАП салынбаса да, 3-4 жылдын ичинде эле он бир заманбап мектептер салынды. Билим берүү бөлүмүнүн башчысы катары кубанычыма чек жок. Баарын өзүм салып аткансып башты көтөрүп басып калдым. Ишке талапты күчөтүп жигердүү аракеттер башталды. Камбар-Ата ГЭС курулуп, Ысык-Көлдү айланган жолду куру баштала турга болду.
Бирок борбордо ызы-чуу токтобой эки күндүн биринде митинг. А.Атамбаев опозициясын чанып бийлик тарапка өтүп, анан кайра “ойт” бермесин карматып турду. Кулов да таарынды, кайра элдешишти. Анан Курманбек Бакиев балдарына келгенде чындап, жаңыла баштады. Айрыкча ЦАРИИ деген түзүлүп анын башчысы кылып, баласы Максимди алып келгенде, араң турган опозициянын чырагына май балпылдап эле тамып калды. Ыймандай сыр, мен деле телевизордон ЦАРИИнин башчысы Максим Бакиев Өкмөт башчысын, өзүнөн ылдый отургузуп коюп жыйынга жетекчилик кылып жаткандыгын көрүп, жаным кашайган. Эл аралык саясатта дагы мүчүлүштөр кетти. Манастагы аскер базасынын чыры менен, орустарды таарынтып, АКШны сүйүнттүк, ЦАРИИбиз да Россияга далысын салып, Кытай тарапка ыктап, алар менен бирге темир жол салып, Датка-Кеминди куруп, ТЭЦти жаңыламай болдук. Ачууланган орусуң койнундагы “котур ташын” алып чыгып, оппозицияны колдоду. ОРТ, РТР каналдарында Кыргызстанды шыбай башташты.
Акыры Бакиевдик бийлик болуп көрбөгөндөй кан менен кулатылды. Төңкөрүш ишке ашты! Атамбаев чыгып “көрөсүңөр алты айдын ичинде Кыргызстанды гүлдөгөн мамлекетке айлантабыз деди!” Ишендик. Үмүт арттык, бирок Мыйзамдуу Өкмөт, Жогорку Кеңеш айдалды. Хаос, талап-тономой, болуп көрбөгөндөй күч алды, ушуга чейин биз укпаган “черныйлар” дегендер чыкты, акимдерди кой, айылдагы айыл өкмөттөрдү, мектеп директорго чейин кызматтан кууп айдап чыгып жатышты. Мамлекеттик деңгээлде, ячейкадагы миллиондогон акчалар ошол эле “революционерлер” тарабынан уурдалды, тонолду. 14 кишиден турган Убактылуу Өкмөт дегенди ойлоп чыгышты. Негизи мыйзам толугу менен тебеленип тепселди. Бул боюнча ошол кездеги убакылуу өкмөттүн орун басары Өмүрбек Текебаев деле мойнуна алып РИА новостиге төмөндөгүдөй интервью берген, (так болуш үчүн которбой бердим) «Да, мы, 14 человек, объявили себя правительством. На каком основании? Ни на каком. Да, получается, мы узурпаторы. Мы теперь и правительство, и парламент, и президент. Да, это очень плохое решение. Но, поверьте, лучших решений просто не было». Ошентип 14 УӨ мүчөлөрү мыйзамсыз, Р Отунбаеваны убактылуу президент кылып шайлап алышты. Убактылуу Өкмөт УӨ болбой эле УО (умственно отсталый) өкмөт болду. Түштүктө кагылыштан кан төгүлүп жарандык согуш чыгып кете жаздады. “Узурпаторлор” каалаганын кылып жатышты.
Биздин Жети-Өгүз районунда бир мезгилде, бир кабинетте эки аким бийликте отурду. Бири, СДПК экинчиси Ак шумкар партиясынан. Өйдө жактан “ээй койгула”, деген бирөө болгон жок. Сөз жок! Көлдө, базарды капуста сатып отурган келин губернатордун орун басары, Таласта дагы виза салып бериңизчи десе “визирую” деп кол коюп берген бир кемчонтой дагы губернатордун орун басары болду. Эми кадр саясатында айдоочунун эле кыргызстанды айланта титиретип, тургандыгы айтсак эле жетиштүү болоор!
Бирок, баа бериш керек, Атамбаев деле “кыйын” экен кичине, кылт этип оппозиция болумуштарды “прослушканын”, милициянын күчү менен заматта каматып, соттотуп жатты! Оппозициямын дегендерди чээнинен чыккыс кылды. ЖК шайлоо алдында бардык партия лидерлери, намыстарын сатып, АШАнын алдына бүжүрөп барышып тизмелерин тактап, Ажого жакпагандарды тизмеден чийип салып турушту.
Жогорку Кеңеште каяша айткан бирөө жок баары колдоп, “баатырдыкты берели”, “Журт атабызды сыйлайлы”, “кара жолго ханыбыздын ысымын берели”,- деп сайрап турушту! Иши кылып биз 6 жыл чыдадык, АША да 6 жыл каалаганын кылды. Коррупция кекиртекке чыкты.
Акаевдин учурундагы 300 миң долларлык коррупция, үч миллион долларды чапчыды! Уятсыздык менен мамлекетти тоношту.
Акыры эң негизгиси, ыр-чырсыз Президенттик шайлоону өткөрүп СДПК партиясы, Атамбаев сунуш кылган С.Жээнбеков бийликке келди. Келгенде да мурунку көчтү улайбыз деген ураан менен келди! Эл кооптонуп турду. Мурунку бийликтин былыктары биринин артынан бири чыга баштады. Мына, анан ушул жерден Жээнбеков канчалык оор болсо да, эрдик, кайраттуулук кылып, өзүнүн ыймандуулугун далилдеп, мурунку өзүнүн протежеси тандаган коррупцияга малынган жолдон чыгып, өзүнүн ыйманга чакырган жолуна түштү.
Бул чечим Ажого канчалык оор болсо да өз багытын эл жака бургандыгын эрдик катары баалаганыбыз эң туура. Мына эми кайрадан “мүдүрүлгөн” жерибизден туруп алдыга умтулуп, “Кудай эми жолубуздан жаңылбасак экен”,- деп келечектен үмүт артып турган чагыбыз! Аракеттер бар бирок дагы деле болсо чечкиндүүлүк жетишпей жаткандай. Кадр саясатында дагы майда чабарлардын залакасы менен Ажого көлөкө түшүп кетип жаткандыгы да чындык.
Эң негизгиси элибиз каттуулук менен калыстыкты сүйөөрүн жакшы билебиз! Азыркы президентибизден дагы ошондой катуу, чечкиндүү, бирок калыс кадамдарды күтөбүз!
Эл ырыскысын уятсыздык менен жегендердин эртеңи жок экендигин далилдеп, күнөөлүүлөр Президентибиз С.Жээнбеков өзү айткандай, “эч бир рангасына карабай“ катуу жазаларын алышы керек. Мындай чечиндүү кадам келечектин таза болушуна өбөлгө түзүп, келечек муунга катуу сабак болот! Негизи жыйынтыктап айтканда, илгери бир акылман Акебиз айткандай, “далай чайпалдык, төгүлгөн жокпуз, бөксөрдүк, бирок соолуган жокбуз, кыскардык, бирок жок болуп кеткен жокпуз!” Биз барбыз, биздин кыргыз мамлекетибиз жашаган жана жашай берет!
Буюрса, дагы далай эгемендүүлүктүн 50, 100, 1000 жылдыктарын кыргыздын урпактары майрамдашаарына эч күмөнүбүз жок! Ылайым ошол ишеничтерибиз ишке ашышына азыркы улуу муун Жараткандан тилек кылып суранабыз! – деген пикирин айылдык серепчи Мурат Жетимишбаев NazarNews.kg маалымат агенттигине билдирди.
Булак: NazarNews.kg