www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Күч түзүмдөрүндө кызмат өтөгөн адам ириде жоопкерчиликти сезүүсү кажет. Ал эми бул талапты экинчи орунга койгон кишинин ыргыткан сакасы эч убакта айкүр конбойт. Бир күнү болбосо да акырында эл алдында жүзүнө көө сыйпалып кетиши ыктымал. Ошондуктан адамдагы эң башкы сапаттарды дайыма алдыңкы орунга чыгаруусу кажет.

Биз азыноолак сөз кыла турган каарманыбыз асыл сапаттары аркылуу коомчулуктун жылуу пикирине арзыган. Ошентсе да анын катаал мүнөзүнө, батылдыгына, айтканынан кайтпаганына, чыныгы генерал деген наамды булгабай жүргөнүнө ичимтап болгондор да жок эмес, бар. Бирок, андайлардын суу кечпеген сындарына Мелис Турганбаев кабагым-кашым деп койбойт. Анын айрыкча маркум Медет Садыркуловдун көмүскө кылмыш иштерин ачыктап чыкканы чоң резонанс жаратты. Профессионалдык сезим болбогондо каза тапкандардын “таржымалы” толук иликтенбестен көп ачылбаган кылмыштардын катарында кала бермек.

Мыкты оперликти топтогон үчүн коомчулук Садыркуловду кимдер, эмне үчүн өлтүргөндүгү ачыкталды. Ушундай жөндөмү бардыгына таяп жогорку бийлик аны Ички Иштер министрлигине жетекчиликке алып келди. Ал өз милдетин колдон келишинче абийирдүү аткарды. Кыйла реформаларды ийге келтирүүгө, долбоорлорду ишке ашырууга, кызматкерлердин сергек иштөөсүнө шарт түзүп берүүгө бүткүл дараметин чегерди.

Кызмат деген колдун кири сыяктуу, бирде келет, экинчисинде жылмышып кетип калат. Министрликтен кеткенден кийин кызматсыз жүрүүгө туура келди. Анткени жаңыдан бийликке келген команданын башчысы оболу оңдонуп, түздөнүп алуусу тийиш. Ошол убакта ал тургай чыгаан адамдар деле ишсиз жүрүп калары аштан бышык. Анткени менен алтынды дат баспайт сыңары Мелис Турганбаев жүрүп отуруп ГСИНге жетекчи болуп келди. Арийне, бул тармактын быгып жаткан көптөгөн көйгөйлөрү бар экенин эч тана албайт. Ал жердин өзүнчө заң-закүнү бар экендигин жөнөкөй адам кайдан билсин?

Ошондуктан биринчи кезекте эбак курулуп калган “чептерди” бузуу талап кылынды. Өзү тойсо да көзү тойбогон шүдүңгүт кадрлардан тазалануу “операциясын” кылдат жүргүзүп, өтө шек жараткандардан тазаланууга бел байлады. Зоналарды кыдырып чыгып, эмне муктаждыктар бар экендигин, андан кантип арылуу керектигине ой жүгүрттү. Мурда жетекчилерге анча алымсынбаган кызматкерлерге канат байлатты, ишеним жаратты. Себеби, ар кимдин жөндөмүнө, кудуретине жараша иш участогун ыйгаруу оң натыйжасын бере баштады. Тартипти темирдей бекем кармаган жерде өзүм билемдикке, алдым-жуттумдукка жол берилбейт эмеспи?

Ичиндегисин башкаларга окшоп сактай бербеген, керек болсо биринчи адамга да тайманбай пикирин билдирүүгө жараган генералдын азыркы кадамдары эмгек жамаатындагыларга майдай жагып жатат. Мурда эпчилдердин гана маңдайы жарылса, бүгүнкү күндө бүткүл жамааттын маанайы ачылды десек болот. Айрыкча өз кесибине жан дилин төшөп мамиле кылгандарга артыкчылык бергени жылуу пикир жаратууда.

Өткөндө Россиянын түрмөлөрүнө “саякатка” барып көп пайдалуу тажрыйбаларга каныгып кайтты. Буйруса алдыда көп пландар коюлган. Эми ошол асыл ойлорду ишке ашырууга колдо болгон бардык ресурстарды жумшоо кажет. Калыстыкты карманган, жүрөгү таза генералдын жооптуу ишине ыңгайы келип турганда ийгилик каалап кетели. Өлкөнү сиздей таза жетекчилер алдыга сүрөп чыгарат!

Булак: "Ачык сөз"

 

Последние новости