www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан агрардык өлкө болгондуктан айыл-чарба тармагына өзгөчө көңүл буруу керек! Айыл-чарба саясатын өзгөртүп, элге керектүү шарттардын баардыгын түзүп берсек эле, карапайым эл өзүн-өзү багып кете алат. Ансыз деле эл өзүн өзү багып келүүдө! Бирок, Мамлекет тарабынан эч кандай жеңилдик жана уюштуруу иштери жүргүзүлбөйт.

Бүгүнкү күндө Айыл-чарба министрлигинде эч кандай укук жок, жөн гана статистика менен гана алектенүүдө. Министрликке айыл чарба саясатын жүргүзүү үчүн, жергиликтүү бийликтердин үстүнөн уюштуруу иштерин да жүргүзө ала тургандай кошумча укуктарды берүү керек! Ошондой эле жоопкерчилигин дагы күчөтүү керек! 

Кыргызстан агрардык өлкө боло туруп, өзүбүздөн бир дагы айыл-чарба техникасы чыкпагандыгы бул өтө уят иш! Трактор, комбайн сыяктуу чоң техникалар мындай турсун, кетмен-күрөктөр да өзүбүздөн өндүрүлбөгөнү өкүнүчтүү! Биз жок дегенде мотоблокторду  өзүбүздөн өндүрсөк жарашмак! Айыл-чарбасына керектүү шаймандарды чыгаруучу заводдорду жана өндүрүлгөн продукцияларды кайра иштетүүчү заводдорду куруп берүү иштерин Министрлик уюштуруп бериши керек эле. Тилекке каршы, министрликти жетектеп келгендер популист саясатчылар гана болушту. Бул тармакка чарбаны мыкты билген чыныгы менеджер гана келиши керек!

Алмазбек Сардеков, журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости