www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Инвестицияларды тартуу агенттигинин жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов «Камбар-Ата-1 ГЭСин Кыргызстан өз алдынча кура албайт» дептир. Эгерде Шыкмаматов кура албаса - анда ордун бошотсун, эл ичинде иштин көзүн билген менеджерлер толтура!
Убагында Мелис Мырзакматов Ош шаарына Кыргызстандагы эң чоң эстакадалык көпүрөнү «өз күчүбүз менен курабыз» деп баштаганда Атамбаевдик бийлик көралбастык менен кысымга алып, мэрликтен кетирип жаны тынган эле. Мырзакматовдун менеджерлик, уюштуруучулук сапаттарын пайдалануу керек болчу!
Эмне үчүн биз «өзүбүз кура албайбыз, колубуздан келбейт» деп жүрө беришибиз керек?
Кичинекей Израиль какыраган чөлдү гүлдөтүп, дүйнөлүк державага айланган. Сингапур менен Түштүк Корея эч кандай кен-байлыгы жок эле дүйнөдөгү эң бай мамлекеттер! Аларга салыштырмалуу: ресурс, темир, цемент, жумушчу күч, ж.б. баардыгы өзүбүздө болгон соң, тышкы инвестордон мурда, ички мүмкүнчүлүктөрдү дагы карап көрбөйлүбү? Сөзсүз эле тышкы инвесторго, болгондо да биздин сууну бекер алгысы келген Өзбекстанга суу жана электр рычагын берип салуу керекпи?
Тажиктер Рогун ГЭСин куруудагы тажрыйбасын деле карап көрбөйлүбү?! Алар баалуу кагаздарды чыгарышып, акцияларды элге сатышкан. Карапайым эл акционер катары ГЭСтин бүтүндөй толук ээси болуп калды. Биз али мындай кадамга барып да көрө элекпиз!
Алмазбек Сардеков, журналист
Булак: NazarNews.kg