www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Сапаш өз жанын сактап калгысы келсе, Аташкасы буйрук берип турганын ачык айтып чыгыш керек! Ошондо өз жанын аман сактап калат. Болбосо жапжаш бойдон күйүп кете берет. Эл билет, Сапаш көп жеген жок. Аташкасы ой-ой-ой, укмуш жеди да укмуш. ТЕЦке берилген 386 млн доллар толук келбей, 70 млн доллар түз эле Гонконгко которулуп кетиптир. Ал жерден Айфон, Самсунгдар сатып алынып, Бишкеке келгенде кашайып самолёт авария болуп калып жатпайбы. Көрдүңөрбү туугандар? Элдин ырыскысын жеген үчүн АШАны Кудай өзү уруп жатат. Ошол үчүн адвокатына айтып койсонор, Сапаш тергөөгө аташкасынын жегендерин ачык айтсын. Ошондо өз жанын сактап калат, - деген пикирин Бермет Бакытбекова өзүнүн Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.

Чындыгында "садагага" чабылган Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматовдун камакка алынышы коомчулукта резонанс жаратты. Бул боюнча азырынча Алмазбек Атамбаев, өзү өстүргөн кадры Сапар Исаков боюнча үн ката элек. 

Урматтуу Алмазбек Шаршенович, "колдонгонду" билгенден соң "коргогонду" да билиш керек. Сиздин буйрукту "так" аткарган Сапар мырза камакка кетти. Эрдик кылып, жеген акчаны ордуна койдуртуп, "балашкаңызды" куткарып калсаңыз жакшы болот беле? 

Президент болуп турганыңызда, кыргыздын мыкты жигиттерин, "коррупционер" деп, мойнун толгоп, темир тор артына тыга берип, душман көбөйтүп алганыңыз өкүнүч болуп турат. Чындап келгенде "чыныгы" коррупционерлер, жаныңызда жүргөнүн байкабай калган экенсиз. Сиздин кадрлар, 600 долларга аттиш, 14 миң еврого жыгач эшек сатып алганы дүйнө элинин оозун ачырды. Ошентип, сиз ишенип өстүргөн кадрлар беделиңизди бекчейтип, көзүңүздү чекчейтти, аттиң...Эми эмне дейбиз, арчанын түбүндө олтуруп, артка бир кайрылып көрүңүз...

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости