www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ошто паспорттук-виза мекемесинин кызматкерлери кылмышка шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн Башкы прокуратурадан кабарлашты.
Көзөмөл органынын маалыматына караганда, 2016-жылдын июнь айында алар расмий документтерди бурмалап толтуруп, жергиликтүү тургундардын бирине башка адамдын аты менен паспорт жазып беришкен. Кийин ал адам ошол паспорт менен Түркияга чыгып кеткен. Бирок аты жазылган адам паспорттук-виза мекемесине паспорт сурап кайрылбаганы аныкталган.
Прокуратура ал адамдын мыйзам менен корголуучу укуктары бузулду деп эсептейт. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.
Булак: NazarNews.kg