www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкө аймагында 64 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, андан тышкары 28 жалпы дарыгерлер борбору иштейт. Азыркы каржылык каатчылык маалында маянасы өтө аз болгондуктан, анда иштеген дарыгерлердин бедели улам төмөндөп барат. Минтип отурсак, калкты медициналык жактан тейлөөнүн баштапкы баскычын жоготуп алабыз. Аларга аяр мамиле жасап, саясий колдоо көрсөтүү зарыл. Бул тууралуу депутат Алмазбек Токторов Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Калкты медициналык жактан тейлөөнүн баштапкы баскычын жетиштүү каржылап, анда иштеген дарыгерлердин эмгек акысын көтөрүү аркылуу алардын беделин көтөрүү зарыл. Андан тышкары, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусундагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна каралган каражат өлчөмүн азыркы 2 пайыздан 4 пайызга чейин жогорулатуу керек. Ансыз бул көйгөйдүн чечилиши кыйын», - дейт депутат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости