www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоодо  Президент, премьер-министр жана спикер кайсы шайлоо участогунда добуш берээри tizme.gov.kg сайты боюнча көрсөтүлдү.

Президент Соронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, премьер-министр Кубатбек Боронов Бишкек шаарында шайлоого катышат. Ал эми Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева Аламүдүн районунда добуш берет.

tizme.gov.kg сайтындагы маалымат боюнча, Сооронбай Жээнбеков №1327 шайлоо участогунда (№5 мектеп-гимназия), спикер №1050 шайлоо участогунда (№72 мектеп), премьер-министр №1105 шайлоо участогунда (№62 мектеп) катталган.

Жогорку соттун төрайымы кайсы шайлоо участогунда катталганы белгисиз (tizme.gov.kg сайтында анын аты-жөнү менен маалымат табууга мүмкүн болгон жок). Жогорку соттун басма сөз кызматы төрайым Аламүдүн районунда добуш берерин гана айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости