www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандагы Интерньюстун «Медиа-К» долбоору Кыргызстандагы USAIDдин колдоосунда БШКны стратегиялык шериги катары анын ишмердүүлүгүнүн айкындуулугун жогорулатуу максатында колдоду. Бул тууралуу Кыргызстандагы Интерньюстан билдиришти.

Маалыматка караганда, кыска мөөнөттүн ичинде КРнын БШКсынын ачык отурумдарынын такай жана сапаттуу түз көрсөтүүсүн өткөрүү максатында конференц-жабдууларынын жаңылануусу камсыздалган.   

БШКны жабдуулар менен камсыздоо – бул БШКнын жоопкерчиликүү көз карашы жана ММКлар менен жарандык коомдун Борбордук шайлоо комитетинин мүчөлөрүнүн чечим кабыл алуусундагы ачыктыгын жана айкындуулугун жогорулатуу сыяктуу сурамына болгон жооп.

БШК отурумдарынын түз берүүсүн техникалык жактан уюштуруу – бул АКШ өкмөтүнүн БШК айкындуулугун жогорулатууга жана Кыргыз Республикасындагы демократиялык процесстин жакшыруусуна кошкон салымы.

КРдагы Интерньюс өкүлчүлүгүнүн директору Элина Каракулова:

– БШК төрайымы Нуржан Шайлдабековага, БШК мүчөлөрүнө жана Аппарат кызматкерлерине айкындуу шайлоону өткөрүүгө умтулуусу жана калыс, анык жана теңдемделген маалыматка жеткиликти камсыздоосу үчүн ыраазычылык билдиребиз. 

Техникалык колдоо көрсөтүү алкагында алдыңкы дүйнөлүк өндүрүүчүлөрдөн аудио жана видео жабдуулар орнотулду, алар:

 – катышуучулардын сөзүнүн жогорку сапаттагы үндүк коштоосун ишке ашырууга;

 – катышуучулар микрофондорунун борборлоштурулган башкаруусун жана алып баруусун камсыздоого;

 – жогорку сапаттуу видеожазууну жана отурум залдарынан моторлошкон камераларды спикерлерге автоматтык түрдө каратуусу менен онлайн-көрсөтүүсүн жүргүзүүгө;

 – системаны кеңейтүүгө жана бир нече тилге синхрондук котормолорун камсыздоо опцияларын кийрүүгө мүмкүнчүлүк алууга жол бермекчи.

Долбоор тууралуу

USAID-дин каржылык колдоосунда ишке ашкан Кыргызстандагы Интерньюстун «Медиа-К» долбоору шайлоо процессинин негизги катышуучуларынын укуктук, техникалык жана медиалык колдоосун жүргүзүп, өлкө парламентинин жаңы курамы боюнча өтүп жаткан иш-чаралар алкагында бир катар маалыматтык жана окутуучу багыттарды колдоп келет.

 Медиа-К БШК менен мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы катары тыгыз мамилешип келет. Журналисттер үчүн биргелешкен бир катар тренингдер жыйынтыкталды, алар журналисттерге:

– шайлоо процессинин жана анын ар бир баскычынын өзгөчөлүктөрүн түшүнүүгө;

– маалымдоону үгүттөөдөн айырмалоого;

– БШКнын маалыматтык ресурстарында багыт алып, ачык маалыматты өз жарыяларында жана материалдарында колдонууга;

– кастык тилин айырмалап, маалыматты онлайн бурмалоо маселелери боюнча Facebook жана Twitter сыяктуу глобалдуу платформалар менен иш алып барууга;

-БШК жана мамлекеттик органдардын шайлоо күнү эпидемиологиялык коопсуздугун камсыздоо даярдыгынан кабар алууга жардам берди.

Ошондой эле Кыргызстандагы Интерньюс БШК катышуусунда Жогорку Кеңеш 2020 шайлоосун мыкты чагылдыруусу боюнча журналисттер арасында сынак жарыялады.

Медиа-К долбоорунун алкагында социалдык тармактарда кастык тилине мониторинг жүргүзүлүп, ошондой эле #СИЛАГОЛОСА #ДОБУШТУНКҮЧҮ бирдиктүү хештеги менен шайлоочуларга билим берүү боюнча маалыматтык кампания жүргүзүлгөн. Видео роликтер, медиасабаттуулук сабактары, Instagram challenge жаштардын жарандык билим алуусуна көмөктөшүп, аларды шайлоого катышууга үндөп, өз добуштарын сатпоого, баамдалган тандоо жасап, шайлоо кампаниясынын жүрүшүндө манипуляцияга, кастык тилине жана жалган маалыматка азгырылбашына жардам берип, ошондой эле шайлоо процессине аялдардын көбүрөөк санын катыштырууга түрткү бермекчи. Иш-чара туурасында кененирээк www.internews.kg сайтынан билүүгө болот.  

Бул долбоор АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) аркылуу көрсөтүлгөн колдоосунда Америка элинин жардамында ишке ашат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости