www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, Аясофия мечитинин ибадатка ачылуусун "Диний эркиндиктер жагынан жеңиш болуп саналат" деп баалады. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыкты.

Фахреттин Алтун өзүнүн социалдык медиа баракчасынан англис тилиндеги билдирүүлөрүн бөлүштү.

Алтун Түркиянын, президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде Вандагы Акдамар чиркөөсү менен Эдирнедеги Улуу Синагоганы оңдоп-түзөп тарыхый символдордун катарына кошконун эске салды.

Аясофия мечитинин эшиги дүйнө жүзүндөгү ар бир адам үчүн ачык бойдон кала тургандыгын белгилеген Алтун, бул маданий мурастын сакталарын жана даңктала тургандыгын айтты.

Алтун: «Бардык диндердин мүчөлөрү, Султанахмет жана берки мечиттерге болгону сыяктуу Аясофия мечитине дагы зыярат кыла алышат»,- деди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости