www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда бир күндө кооптуу вирустун кесепетинен 48 адам кайтыш болду. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
Анын ичинен COVID-19 инфекциясынан жети адам көз жумуп, алардын төмөнкү ооруканаларда дарыланып жатканы айтылды:
Кыргыз-түрк “Достук” ооруканасында — 37 жана 57 жаштагы эркек киши, 58 жаштагы аял;
Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасында — 57 жаштагы аял;
Ат-Башы аймактык ооруканасында — 64 жаштагы аял;
Жайыл аймактык ооруканасында — 36 жана 52 жаштагы эркек киши.
Ушуну менен өлкөдө коронвирустан көз жумгандарын саны 132 кишини түздү.
Ал эми өпкөнү сезгенткен пневмония оорусунан кечээтен бери 41 бейтап ажал тапты.
Каза болгондордун 19у Бишкекте, 22си өлкөнүн башка аймактарында катталды.
Март айынан бери пневмония дарты 423 адамдын өмүрүн алды.
Булак: NazarNews.kg