www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маданият министри Алтынбек Максүтов мыкты режиссёр катары таанымал. Чыныгы өз ишинин адиси. Бирок жетекчи катары чабалдыгы, министрликтин ишин тарта албай жатканы айтылууда. Ал түгүл анын ишмердүүлүгү боюнча коомчулукта сын-пикирлер арбын айтылып жатат. 

Буга ал министр болуп келгенден кийин, былтыр 26-октябрда “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын жабуу чечимин чыгарышы себеп болду. Ал мындай кадамын "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзамга негиздеген. 

Эми болсо “Азаттыктын” ишмердигин биротоло токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна арызданганы 23-январда билинди. Сот ал арызды 8-февралда карай турганы маалым болду. 

Негизи, жабалы, соттойлу, камайлы деген саясаттын арты жакшы болбойт. Бул көрүнүш менен президент Садыр Жапаровго кеңеш айткандар, президенттин ачык душманы десек болчудай. Анткени жогорку көрүнүш азыркы бийликти түздөн түз элге жек көрсөтүү. Ушундай терс аракеттерди токтотуп, жаратман иштерге көңүл буруш керек, элдин үнүн чагылдырып, ачык-айкын маалымат жеткирген медиалар иштебей жабылсын деген саясат өлкөнү туңгуюкка кетпейт. 

Арийне бийликке коомдогу окуяларды ачык айткан жарандар, көз карандысыз журналисттер коркунучтуу эмес. Фактыларды бурмалап, коррупционерлерге ыктап, сот аркылуу баарын тыйып салалы деген кошоматчылар коркунучтуу.

Министрлик жүйө келтирип жаткан "анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө мыйзам" же жөнөкөй айтканда фейк жөнүндө мыйзам кабыл алынып жатканда эле, бул фейк эмес, ачык иштеп жаткан ЖМК булактарына каршы иштээрин журналисттер эчен ирээт айтышып чырылдаган. Тилекке каршы, дал ошондой болуп жатат. 

Эми мындан ары ушундай мамиле улана турган болсо Максүтов жетектеген министрлик каалаган маалымат каражатын сотко берип жаптыра берет. Ошого жол чабылып жатат. Ушунун баары Алтынбек Максүтовдун колу менен жасалууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости