www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 30-январь күнү Парламенттин отун-энергетика комитетинин көчмө жыйыны ЖЭБда (ТЭЦте) өттү. Ага журналисттерди чакырышты. Сүйүнүп калдык."Чу" дегенде эле дүйшөмбүдөй пландаштырып даярдабай эле туш келди цехине бардык. Жүгүрүп кирип барсак эле ошол эски блокко туура келген экенбиз, дароо эле оозум ачылды. Кечээ келгенибизде мынчалык кара түтүн каптаган эмес эле. Капкара түтүндөн эч ким баса албай, жарым депутаттар кайра эшикти көздөй чуркашты. Эркектерге караганда айым депутаттар жигит экен деп койдум.

Бийик така менен журүшсө да "экскурсия" кылып ээрчитип баарын көрсөткөндөрдүн артынан калбай көрүп чыгышты. Кара түтүндөн эч кимиси корккон жок. Андан соң жанагы кытайлар отурган жылуу, жаңы бөлүккө бардык. Күрүчтүн шылтоосу менен күрмөк суу ичет болуп биз да депутаттар менен кошо биринчи күнү кире албаган кытайлардын башкаруу бөлүгүнө кирип бардык. Кечээ жолотпой жаткандар тим эле "келиңиздер" дегенсин кол жаңсап тосуп алышты. Компьютерлериндеги майда-чүйдөнүн баарын көрсөтүп айтып берип жатышты.

ЖЭБнын чогулуштар залында Кожобек Рысбаев башында турган Парламенттин отун-энергетика комитетинин көчмө жыйыны болду. Анда журналситтер суроо бере алган жокпуз. Бирок, депутаттар жооп берчү чиновниктерге суроолорду беришти. Мага өзгөчө депутат айымдардын менменсиген чоңдорду жарга такаган ыңгайсыз суроолору жакты. Эльвира Сурабалдиева азамат кыз экен. УКМК жетекчисинин орун басарын тургузуп алып "ЖЭБ стратегиялык объект дегениңер менен неге кытайлар өз өлкөсүндө жүргөндөй жүрүшөт", - деп сураса тыныраак жооп болгон жок.

Туура айтат. Анын үстүнө Кыргызстан ошол кытайлар үчүн эки жыл айлык акы төлөп бергенибиз ачыкка чыкты. Эки жылдык маянаны депутат айым 3 миллион доллар деп эсептеп берди. Эч ким эч нерсе деп жооп бере албай, депутат айымдын сөзүн тастыктап башын ийкешти. Айсулуу Мамашова деген жаш депутатыбыз төрөт үйлөрүндө өчүп жаткан электр энергиясы туурасында суроо берсе жооп берчүлөр каратып туруп жалган айтышты "свет бар, бизге андай сигнал түшкөн жок"-деп.

Азыр көпчүлүк үйлөрдө свет жок, жылуулугу жок үшүп тоңгондор толтура экенин бир эле эл билет окшойт. Чиновниктериң эл менен иши жоктой. Башында билек түрүнүп Кожобек Рыспаевиң катуу киришти эле, бирок, аягында көчмө жыйындын жыйынтыгын "чара көрүлсүн, комиссия түзүлсүн, күнөөлүүлөр жазалансын" деген жалпылаган чечимин чыгарып, шашыла чайга кирип кетишти. ТЭЦтин эшиктерин билбеген жаныбыз каягынан чыгабыз деп узун коридор менен кетип жатып чай куюлуп, кой союлган жерге жетип калган экенбиз эки күнү тең журналисттерди "жаман көзү" менен карап жүргөн байке "бул жакка силерге уруксат эмес, депутаттар чай ичип атышат", - деп жол тосот. "Депутаттар катуу иштеди, чай ичишсин, байкуштар тоңуп калышпадыбы, биз кирбейбиз, рахмат" – деп, жумушка жөнөдүк...ошо...

Алтынай Арстанбекова, теле журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости