www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2017-жылы Орусиянын Борбордук федералдык аймагынан 197 кыргызстандык мигранттын сөөгү келген. Алардын 60тан ашууну жол кырсыктарында каза болгон. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен "Азаттык" радиосуна билдиришти.

Ал эми жалпы Орусия боюнча былтыркы жылдын январь-июнь айларында 216 мигрант каза тапканы белгилүү болду.

Маалыматка караганда, жол кырсыктары мигранттар миграциялык картаны жаңылатуу максатында чек арага жеңил автоунаалар менен чыкканда катталат. Мигранттар менен Бишкек жана Ош шаарларынан Орусияга же ал жактан кайра Кыргызстанга чыккан автобус, жеңил машине жана кичиавтобустардын жол кырсыктарына кабылган учурлары да көп.

Орусиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жол кырсыктарынын курмандыктарын, жаракат алгандардын санын азайтуу үчүн бийликти авиа жана темир жол билеттерин арзандатууга чакырышууда.

Орусиянын Борбордук федералдык аймагына - Москва, Брянск, Владимир, Воронеж, Иванов, Калуга, Кострома, Курск, Липецк, Орлов, Рязань, Смоленск, Тамбов, Тверь, Тула, Ярослав облустары кирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости