www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Буга чейин Президент Сооронбай Жээнбеков пандемия учурунда элге жардамга кол сунган 12 ыктыярчы менен жолуккан. Бул жолугушууга чакырылгандардын арасынан көпчүлүк Алтынай Нарбаева, Ассоль Молдокматова, Мирбек Атабеков, Эрнис Бөрүбаевдерди көрүүнү каалагандарын ачык айтышып, себебин сурашкан.
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаева Инстаграм аркылуу берилген суроолорго жооп берип, тизмеден чийилип калганына нааразычылыгын айткан. Бул окуянын тегерегинде көптөгөн талкуу жаралган. Мынчалык чоң тема болоорун күтпөгөн ырчы элге кайрылуу жолдоду:
"Кутман таң, замандаштар! Мен КЫРГЫЗДЫН бир жараны, ырчысы катары ызамды айтам деп сиздерди улуу кыргыз элим, алыс-жакында жүргөн мекендештерим, ушунчалык чоң тема болуп кетет деп ойлобоптурмун. Элибиз дүрбөп, Эрнис жок, Алтынай жок деген миңдеген комментарийге эле бир жооп берейин дегем... Түйшөлүп, ак тилегиңиздерди, ак батаңыздарды бердиңиздер, чексиз ыраазымын. Сиздердин ошол таза сезимиңиздерде жашаганым сүйүндүрдү. Сиздердин бааңыздар, кадырлаганыңыздар бардык: материалдык, соцалдык абалдан БИЙИК! Күчтөндүм. Башымды ийип, таазим этем, ар бириңиздердин жүрөгүңүздөргө!
Анан ошол жолугушууга барган менин эң ардактаган, элибиздин кыраан мырзасы Эркин Рыскулбековго жүрөгүм жылыды. "Эже, алтыным, алдыңыздан өтөйүн, сизди жакшы көрөм, сыйлайм..".
Бул чоң адамгерчилик сапат. Эркин, мен да сени өтө баалайм. Кызматыбыз ЭЛИБИЗ үчүн!!!
Экинчи: Улуу эжебиз КРнын Эл артисти Гүлшайыр эжемдин калыстык сөзүнө менин барбай калганыма, эжекемдин адресине кыянат сөз айтылып кеткен. Мен сизден кечирим сурайм! Сиздин сөздөрүңүздү, кеп-кеңешинизди өмүр бою угам, жашоомдо колдонуп келем. Кечээтен бери жан дүйнөм тынч болбой кыйналып турам.
Ар бир өнөр инсандарынан, улуу, кичүү дебей, күйөрмандарымдан, улуу-кичүү дебей социалдык тармактагы досторумдан кечирим сурайм.
Кыргызда макал бар: "Кой келсе уй ордунан тура коюптур" деген. Бул терең философия. Бул менин абийирим! Абийирим өзүмө сот. Бул жашоодо таштан, жерден катуу тагдырлар болот. Аны ашкерелөө, табалоо чоң күнөө! Ар бир инсан бактылуу болгусу келет тура. Баары Алла Тааламдан...
"Чекеңе жазса, чекчейбе?" Ооруган жарага туз сеппейли... Таба кылбай, тообо кылалы. Ар бирибизге ыйман берсин. Жан дүйнөнү тазалайлы, кичине болсо да китеп ачып окуйлу, билимдүү бололу, ак бата кылалы. Күзгүгө карап: МЕН КИММИН өзү деп суроо берип, узак тиктесең ким экениңди билесиң.
Ар бириңиздерге бактылуулук, таза ден соолук, из калтыраар, эсте калаар, жаркыраган өмүр каалайм! Баарыңыздарды жакшы көрөм, сиздерге болгон жообум ушул, рахмат! Кыргыз элибизди Кудай колдоп, пандемиядан эртерээк кутулалы!", - деп жазган ал.
Мамлекет башчысы менен жолугушууга төмөнкү ыктыярчылар катышкан:
— Тольбаев Бабур — меценат, «Мөл Булак Финанс» микрокредиттик компаниясынын жетекчиси;
— Шабданов Элдар -"Бирге« аттуу ыктыярдуу жардам боюнча координациялык борборунун өкүлү;
— Алтымышев Тынчтык — журналист, „Элден элге“, „Элдик медиктер“ ыктыярчы кыймылдарынын координатору;
— Гребнева (Даник) Наталья — „Руки любви“ коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү жана төрайымы;
— Жамгырчиева Айзада — журналист, теле алып баруучу;
— Кайратова Анжелика — меценат, коомдук ишмер, ырчы;
— Насыкулов Урмат — „Биз барбыз“ штабынын жетекчиси;
— Рыскулбеков Эркин — „Элим барсыңбы“ ыктыярчылар бирикмесинин өкүлү;
— Усубалиева Бермет — Кыргыз Республикасынын Кызыл Жарым ай улуттук коомунун өкүлү;
— Чолпонбаева Нуриля — „Поколение Best!“ коомдук бирикмесинин төрайымы;
— Муртазалиев Абдурахманхаджи — спортчу, ыктыярчы;
— Алмаз уулу Аскар — жаштардын демилгелүү тобунун өкүлү.
Булак: NazarNews.kg