www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россия пандемия шартында чет мамлекеттерге чек арасын тең алака принциби (принцип взаимности) менен ачат. Бул тууралуу орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков кабарлады.
Ал учурда чек араларды ачуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын, бирок азырынча эч кандай чечими кабыл алына электигин белгиледи.
Россия коронавирус коркунучунан улам март айынын аягында бардык эл аралык каттамдарды токтоткон. Июль айынын башында каттамдарга тыюу салууну 1-августка чейин узарткан.
Буга чейин вице-премьер министр Татьяна Голикова башка өлкөлөр менен каттамдарды жандандыруу боюнча сүйлөшүү башталганын билдирген. Июль айынын башында Түркиянын транспорт министрлиги 15-июлдан кийин Орусия менен каттамдар ачылышы мүмкүн экенин кабарлаган. Орус бийлиги бул кабарды тастыктаган эмес.
Акыркы маалыматка ылайык, Россияда коронавирус илдети аныкталгандардын саны 800 миңге жетти, алардын ичинен 13 миңдей бейтап көз жумду.
Орусияда Кыргызстандан барган миңдеген мигранттар иштейт. Пандемия башталганы жүздөгөн кыргыз жарандары мекенине кайта албайт жатышат. Кыргыз бийлиги атайын каттамдар менен негизинен кош бойлуу, балдары бар аялдарды, ооруп жаткандарды алып келүүдө.
Булак: NazarNews.kg