www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Пакистандык медик Аббас Али Шах достору менен тоодо токмоктолгону буга чейин белгилүү болгон. Бул окуя үчүн кыргызстандык жигит алардан кечирим сурады. Бул тууралуу колдонуучу Алина Касенова өзүнүн Facebook баракчасына жазды.
Анын айтымында, кайдыгер карабаган Бишкек шаарынын тургуну Бакытжан Аманов жабыркаган студенттерди таап, аларды конокко чакырган.
“Бакытжан алар менен сүйлөшүп, элдин атынан кечирим сурады. Бардык эле кыргыздар алар тоодо кездешкен кыргыздардай эмес экендигин түшүндүрдү. Индия, Түркия, Пакистан жана Кытайдан келген студенттердин көпчүлүгү Кыргызстандын университеттеринде билим алышат. Республикага КМШдан келген студенттердин көпчүлүгү келишет. Чет элдик студенттери бар университеттер жылына 15 миллион доллардан ашык акча табышат. Биз аларды тепкилеп, аттарын атап, шылдыңдайбыз. Чет өлкөлүк студенттер ар дайым бир нече кишиден турган топ болуп жүрүшөт. Документтери жакшы болсо дагы, алар биздин "эр жүрөк" милиционерлердин алдында "белгиленүүгө" мажбур болушат.
Жакында Пакистан менен Индиянын элчилери өз студенттерин Кыргыз Республикасына келбеши керек деген маселени көтөрүшөт. Анан кайдагы өнүгүү", - деп жазган Алина Касенова.
Эске сала кетсек, ооруканага иштөөгө кабыл алынган Эл аралык медициналык жогорку мектептин 5-курсунун студенти Аббас Али Шах достору менен чогуу сабалган. Кол салууга шектелгендер бир айга тергөө абагына камалды.
Помните студентов из Пакистана, которых избили наши ублюдки в горах? Знакомьтесь, Аббас и Зихан Али , они студенты 5го...
Опубликовано Алиной Касеновой Среда, 22 июля 2020 г.
Булак: NazarNews.kg