www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биздин студияга «Эл назары» программасынын коногу иретинде  Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисттери Токтобек Асаналиев жана Алтынай Нарбаевалар келишкен.

Алтынай эжекебизден саясат тууралуу ой-пикирине кызыгып суроо берсем, эжекебиз: «Мен саясатты сындай  албайм, андан көрө анекдот айтып берейин: Эки “Жип” менен “Запорожец” үлгүсүндөгү эки автоунаа жолдо сүзүшүп кетиптир. “Жиптин” сүзүлгөн жери мыйрыйып калып, ээси эми эмнеңди төлөйсүң өзү минген унааң бул болсо деп ачууланыптыр. Анда “Запорожецтин” ээси коё тургула, андан көрө кофе ичели, деп унаасынын “багажынан” алтын балыгын алып чыгып ошол жердегилердин баарына кофе даярдатыптыр.  “Жиптин” ээси мага унааны төлөбөй эле алтын балыгыңды эле бер десе, муну бере албайм, унааңды оңдоп берейин деп көнбөй коёт. Алты “Жип” үлгүсүндөгү унаа берсеңер, алтын балыкты берем десе, тигилер макул болот.

“Жиптин” ээси жана 3-4 киши биригип, 6 “Жипти” “Запорожецтин” ээсине беришет. “Жиптердин” ээлери баары биригип, алтын балыкты ортого коюп алышып, “Мага учак керек, эс алууга жолдомо керек, мага акча керек”,- деп айта башташса, алтын балык “Мен кофе даярдаганды эле билем”  деп коёт дейт. Анын сыңары мен ырдаганды эле билем”,-деп студияны күлкүгө бөлөдү.

Бирок саясатка жаңы жүздөр, жаштар келип, мамлекетибиз  оңолсо деген тилектерин айтып өттү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости