www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова  өзүнүнү социалдык тармактагы баракчасынан кыргыз элине кайрылуу жасады.

"Чын дилимден ар бириңердин жылуу сөзүңөргө, колдооңорго терең ыраазычылык билдирем. Мен үчүн менин эмгегимдин эң жогорку баасы - ар бир Кыргыз жаранынын пикири, колдоосу. Жашоомдо, элдик кызматта жүргөн убагымда да жолуккан ар бир инсанга таазим, терең ыраазычылык билдирем. Азыркы биздин мекенибиздин, бүткүл дүйнө жүзүнүн да башына түшкөн оор кырдаал - коронавирус, баштаган максаттарыма, пландарыма да өзгөртүүлөрдү киргизди. Ушундай кырдаалда өз эмгеги менен болгон мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып биздин элибизге, ар бир муктаж адамга өзүнүн жардамын көрсөткөн ар бириңерге таазим. Силер бар, биздин мекенибиз, элибиз бар. Өз ишимде катачылык кетирсем, ойлогон максаттарды толук кандуу ишке ашыра албай калсам, же бирөөнү таарынтсам, убагында жооп бербесем кечирим сурайм. Ийгиликтер алдыда. Бар болуңуздар, аман болунуздар!" - деди Өмүрбекова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости