www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2-апрелге карата дүйнө жүзүндө коронавирус жуктургандардын саны 932 миң 605ке жетти. Алардын арасынан 193 миң 177 адам айыгып, 42 миң 139 бейтап каза болду. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму билдирди.

Тизме боюнча биринчи орунда турган АКШда вирус жуктургандардын саны тынбай өсүүдө. Бүгүнкү күнгө карата ооругандардын саны 213 миң 372ге жетти. Алардан 8474 бейтап айыгып, анын тең жарымы - 4757 адам каза болду.

Экинчи орунда турган Италияда 110 миң 574 адам коронавирус менен жабыркап келет. 16 миң 847 адам ооруканадан чыгарылса, 13 миң 155 адам вирустан көз жумду.

Дүйнөдө коронавирус илдетин жуктурган адамдардын саны боюнча алдыңкы 3-орунда турган Испанияда 104 миң 118 адам оору менен алышууда. 22 647 адам вирустан арылып, 9387 адам каза болду.

Франция дагы деле вирустан көп жарандарын жоготуп жатат. Учурда 57 миң 749 адам вирус жуктурганы аныкталса, анын 3523 жараны каза болду жана 11 миң 53 адам ооруканадан айыгып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости