www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сауд Арабиянын ажылык жана умра иштери боюнча министри Мухаммед Салех ибн Тахир коронавируска байланышкан абал турукташканга чейин дүйнө мусулмандарын ажылык сапарды пландабай турууга чакырды.
Белгилей кетсек, февралдын аягында бул өлкөдө вирус жуктурган алгачкы адам аныкталгандан кийин умра сапары менен баргандарды киргизбей туруу чечими кабыл алган. Ага кошумча, Мекке менен Медина зыяратчыларга да толук жабылган.
Акыркы маалыматтар боюнча Сауд Арабиясында коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 1500дөн ашып, 10 киши каза болду.
Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жайылышына көз салган worldometers.info сайтынын маалыматына караганда, учурда коронавирусту 850 302 адам жуктурса, 41 658 киши көз жумду. Ал эми илдеттен 176 545 бейтап сакайып кеткен.
Булак: NazarNews.kg