www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстандагы эң атакту “Нихол” сыйлыгынын ээси Лола Юлдошеванын атасы – “Tarona records” компаниясынын негиздөөчүсү Равшан Юлдошев 59 жашында каза тапты. Бул тууралуу маалыматты өзбекстандык кесиптештер NazarNews маалымат агенттигине билдирди.
Маалыматтарга таянсак Юлдошев Ташкенттеги үйүндө жүрөк оорусунан каза тапкан. Маркум Юлдошев беш баланын атасы. Биринчи жубайынан үч кыз, бир уулу жана атактуу ырчы Шахзода менен бир уулу бар эле. Түпкү теги Хоразмдан. Маалыматтарга таянсак, Равшан Юлдошевдин тун кызы Лола Юлдошева учурда Россия Федерациясында.
Эске сала кетсек, 1990-жылдарга таандык “Tarona records” Равшан Юлдошевге таандык. Заманбап бир нече ырлардын ажарын ачкан. "Сетора", "Жоним" группалары, ырчылардан Шахзода, Нилуфар Усмонова, Шохрухханды элге тааныткан.
Булак: NazarNews.kg