www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алтынай Өмүрбекова Бишкек шаарынын мэри кызматына талапкер болуудан баш тартты. Бир нече күндөн бери коомчулук тарабынан бул орунга сунушталып жаткан вице-премьер азыркы иштеп жаткан орду жоопкерчиликтүү экенин, ага тагылган милдеттерди аягына чыгаруу үчүн команда менен ишин улантуу керектигин айткан.
Шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясы тарабынан эалгыз талапкер катары сунушталып жаткан Азиз Суракматовго альтернатива катары А.Өмүрбекованы алып чыгуу демилгесин шаардыктар көтөрүп, ал бир нече күндө олуттуу акцияга айланган болчу.
Мындан тышкары, экс-мэр Нариман Түлеев да калаа башчы болуу ниетине жолтоо болуучу себептерден улам, мэрликке аттануудан баш тартып, азыркы негизги талапкер, досу Азиз Суракматовду колдоп чыгууда. Ал мурда сот жообуна тартылгандыктан, муниципалдык жетектөөчү кызматка барууга жолу тосулган.
Учурда көпчүлүк коалициясы тарабынан сунушталып жаткан А.Суракматов жалгыз талапкер болууда. Анын талапкерлиги калаа коомчулугу тарабынан регионалдык, каржылык кландардын алдыга түртүп чыккан лоббиси катары кабылданып, нааразылык толкунун жараткан болчу. Жарандык коом А.Суракматовду ири курулуш бизнесинин өкүлү, каржылык топтордун кызыкчылыгында иштеп келген кадр катары таанышат. Ошондуктан, эгерде ал мэр болуп калса шаар калкы утулат жана борбор калаадагы жер бизнеси дагы да күчөйт деп эсептешет.
Булак: NazarNews.kg