www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүтүндөй кыргыз элин терең кайгыга батырган чыгаан журналист Улан Эгизбаевдин бүгүн арабыздан суурулуп кеткенине 6 күн болду. Улан Эгизбаевдин жакын санаалаштары кан жутуп какшаганыбыз менен чын ажалданбы же кимдир бирөөнүн "атайын ажалынанбы" оо дүйнөгө узап кеткенине аргасыз баш ийип оор үшкүрүнүп олтуруп калдык. Башка айла жок...орду толгус оор жоготуу... 

Эми бизге жеткен маалыматтарга таянсак, Улан Эгизбаевдин жакын досу Каниет Жыргалбеков өзү ооруканада жатканы менен маркум досунун жубайына батир издеп жүргөнүн уктук эле. Жыйынтыгында "KG ГРУПП" курулуш компаниясынын президенти, жеке ишкер Имамидин Ташов Уландын артында калган жубайы менен болочоктогу ымыркайын батирлүү кылды. Каниет Жыргалбеков, өзүнүн пикирин төмөнкүчө билдирди.

--Урматтуу достор, Улан досумдун эли...Кайгырган менен досумду таба албайбыз. Улан досумдун арбагы ыразы боло турган иш менен сиздер менен жалпы калың журт менен бөлүшкөнү турам. Канча күндөн бери интернет аркылуу өлкө башчылары көңүл айтып, "Уландын артында калган ата-эне, жубайына батир", деп жар салсам дагы эч ким унчукпай жатты эле. Ооруканада жатсам "KG ГРУПП" курулуш компаниясынын президенти, жеке ишкер патриот мырза Имамидин Ташов менин ден соолугум сурап, "Уландай жигит кылымда бир жаралат, Уландын өлүмү мага оор тийип, өзүмө жакын кабыл алдым. Буюрса ооруканадан чыкканыңдан кийин ата-энесине чогу барып куран окутуп келели. Уландын артында калган туягы аман-эсен жарык дүйнөгө келип алса бизге ошол Улан болот, Уландын көзү барында барктай албадык, ошол туягына менден "КВАРТИРА" белекке" деп, сүйүндүрүп кетти. Бул сөздү уккандан кийин өтө кубанычта болдум. Анткени биз бийликтин баардык бутактарына маркум досум артында калган үй-бүлөөсүнө батир маселесин чечип берүүнү суранып жазган элек. Каттын жообу келе электе белгилүү ишкер Имамидин Ташов азаматтыгын көрсөттү. Имамидин мырзага, мырзалыгын көрсөтүп жардам колун көрсөткөнү үчүн терең ыразычылык билдиремин!  Имамидин мырза эр эмгегин бааладыныз!  Аллахым Сизге ыраазы болсун! - деген пикирин билдирди Каниет Жыргалбеков.

--Рахмат.

Жогорку маалымат боюнча окурмандарга бир нече убакыттардан кийин тактоо киргизебиз.

Булак: NazarNews.kg  

Последние новости