www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алтынбек Сулайманов: “Акыл жана билим революциясына чакырам”

“Мамлекеттик системанын ичинде иштеп, ал системанын туткуну, курмандыгы болгон адам катары Кыргызстан 30 жылдан бери эмнеге алдыга жыла албай жатканынын себебин билем”. Бул тууралуу “Бир Бол”  партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов Ошто өткөн форум учурунда билдирди. Иш-чарага саясий партиянын тарапташтары жана жактоочулары келишкен.

“Бүгүнкү күндө өлкөбүздө калыптанган система бизге каршы иштейт. Ага сиздердин да акылыңыздар жетип турат. Учурда мамлекетибизде иштеп жаткан система туура эмес. Анын азабын жалпы 6 миллион элибиз тартып жатат. Бүгүнкү күндө бул системада кошоматтыкты жакшы билген, тааныш-билиши бар, жемкорлукту өздөштүргөн чоңдордун гана балдары иштеп жүрөт”, – деди лидер.

Ошондой эле Алтынбек Сулайманов ушул эле эски системаны мындан ары гүлдөтүп, улантабыз дегендер терең жаңылышарын белгиледи.

“Учурда бул системаны өзгөртө турчу жаратман жаштар бар. Мына ушул жаңыланууга жалгыз эмес, заманбап билимге ээ болгон жаңы жүздөрдү, өзүнүн тармагында ийгиликтерди жараткан инсандар менен чогуу баратам. Мамлекетибизге өзгөрүүлөрдү жаңы жүздөр киргизерине мен толук ишенем жана көзүм жетет”, – деди А.Сулайманов.

“Бир Бол” партиясынын лидери жаңы, жаратман жүздөрдү көптөгөн тоскоолдуктар күтүп турганын дагы кошумчалады. 

“Ал тоскоолдуктарды басып өтүшүбүз керек. Мен талапкерлерге белди бекем бууп, башты көтөргүлө деп айтмакчымын. Себеби жаштардын артында биз ишенген жалпы 6 миллион элибиз турат. Жеңиш биз жакта болот! Алдыда элибизди чоң тандоо күтүп турат. Ал тандоодо түрдүү партиялар шайлоого катышууда. Партиялардын ичинде кошоматчылар, саткындар, чыккынчылар, уурулар дагы бар. Мен сиздерди күч төңкөрүшүнө эмес, акыл, деңгээл, билим революциясына чакырам”, – деп сөзүн жыйынтыктады Алтынбек Сулайманов. 

“Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадыровнанын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү.

Последние новости