www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ ким бийликке каршы чыкса ошону колдоого ала турган болуп калды. Анткен, себеби бийлик АКШнын саясатына каршы ШКУ, ЖККУ, ЕАЭБ уюмдарына кирип, Орусиянын саясатын колдоп жатканы белгилүү. “Ким мени менен болбосо, ал менин душманым”- деген принципти колго алган Вашингтон Кыргызстанды Иран, Ливия, Сомали, Сирия, Йемен, Чад, Ирак, Судан, Венесуэла, Корея ЭДР мамлекеттери менен тең карап, Белоруссия, Мьянма, Нигерия, Судан жана Танзания менен бирге кирүүгө тыюу салган мамлекеттердин катарына кошкон. Биз менен ШКУлаш, ЖККУлаш, ЕАЭБдеш Белоруссиядан башкалары канкор, баңгизатка батышкан, желдеттер баш кесерлерге толгон согушчул, эң жакыр мамлекеттер. Мейли, АКШ кошсо кошо берсин, бирок алардын Кыргызстанды бүлүнтүү максатында 4 млрд. 200 млн сомдук накта 60 млн.сомду жөнөтүп, соолуп бараткан партияларды колдоп жатканы элибизге керекпи? Коронавирус гана алардын ишине тоскоолдук кылып турат.

АКШ сүйгөн депутаттарына беш жылга виза таратып жатат. Бул виза менен Кыргызстанды каалашыңча кайсап, кылтакка илинерде эптеп шуу коюп АКШга кире качсаң болот. Алтынчы парламенттин 120 депутаттынын ичинде бир топ депутаттын АКШ берген беш жылдык визасы бар, кыргызча айтканда каалаган күнү АКШ мамлекетине кире качса болот.

АКШтын беш жылдык визасын алгандар, алтынчы парламенттин депутаттары: Атамбаевге “Кыргыз Эл Баатырын” бергиси келген Сайдулла Нышанов, Жанар Акаев, Элвира Сурабалдиева, Бахадыр Сулайманов,Дастан Бекешов,  Дастанбек Жумабеков, Алмазбек Баатырбеков (азыр биринчи вице –премьер болду), Талайбек Масабиров, Алтынбек Сулайманов, Тынчтык Шайназаров

Эми буларга бирден токтоло кетели, анткени булар Батыш менен кандайдыр жип менен байланган. Балким аларга “ышпыйон” болуп сөз тыңшап иштеп жүргөндүр:

Жанарбек Акаев

Батыш дегенде акактап өлүп калуучу “Азаттыкта” иштеген. Депутат болгон соң америкалык дипломаттар менен көз жоосун алган ресторандарда май чайнашкан. Алар менен чет элдик агенттер тууралуу , ЛГБТны үгүттөөгө каршы  ар кандай маселелерди талкуулап, АКШ тарапка ат тезегин кургатпай чапкылап турат. Учурда бийликти оодара тартам деп Өмүрбек Текебаевдин “Ата -Мекен” партиясы менен шынаарлашып жүрөт.

Элвира Сурабалдиева

Атасы экс-депутат Жыргалбек Сурабалдиевдин акчасына чалчаңдап Улуу Британиянын Бристол университетинин “Эл аралык мамилелер” адистигин алган, англисче шыр билет. Чет элдик  өкүлдөр менен дайыма пикир алмашып, бирге чыгып, өзүн келечектеги парламентке өтүп кетиши үчүн аялзатына куйтуңдуп кылып, ар дайым Гендердик маселелер боюнча чыгып турат. Бизнестин битин сыгып, “Кудайберген” баш болгон бизнесинде аялзаттары бала –чакасын бага алышпай отурушат. Көмөк көрсөтсө ошолорго көрсөтө бербейби?

Дастан Бекешов

Батыш дегенде көздөрү жайнап кеткен, Дастан мырза  “Сокурлар жана дүлөйлөр” коомунан ЖКга келген. Чыр чыккан жерде, митингдерде анын жүзү дайыма көрүнүп турат. “Фридом Хаус” жана ЮСАИДдин каржылык колдоосу менен уюшулган иш-чаралардан баткак менен чапкыласа да качпайт. 2019 - жылдын 25 -ноябрда бийликке каршы өткөн “РЕакция” митингинин уюштуруучусу. Жубайы К.Көкөбаева энеси Л.Тантабаева менен 2018-жылдын декабрынан АКШда жашашат. Дастан Бекешов Кыргызстанды бүлгүнгө учуратып аларга жетип барууга дайым даяр.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости