www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Алтынбек Турдубаевич, «Бир Бол» фракциясы коалициядан чыгып саясый интрига баштап жатышыптыр деген кептер чынбы? Ак үйдө шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт да....

--Азырынча андай маселе жок. Балким уншундай сөздөр көтөрүлүп калышы мүмкүн, саясатта баардыгы болот. Бизден башка фракция коалициядан чыкса деле бузулду деп эсептей бериш керек. Алдыда көп маселелер ТЭЦтин, НДС тин айланасында маселе каралып жатпайбы.  Баарын жыйынтыктарын карап көрүп туруп бир баа бере алабыз.

--Коалициялык көпчүлүк азыр ынтымактуу элеби?

--Эч кандай коалициянын ичинде талаш маселе жок. Өкмөт отчёт берип бүтсүн, анан бир нерсе деш керек. Балким мындан ары иштейбизби же коалиция бузулабы көрө жатаарбыз. Биздин фракциядан эч нерсе көз каранды эмес.

--Коалиция бузулса, өкмөт тараса анан парламент отставкага кетпейби?

--Азырынча парламенттин тарап кетишине эч кандай негиз жок. Эртеңки күнгө эч ким кепилдик бере албайт. Анын баарына Кудай гана кепил болот. Парламенттин өзүн өзү тараттууга шарт түзүлө элек. Фракциялардын баары ынтымактуу иштеп жатышат. Парламент тараса, кайра шайлоо, кайра ызы-чуу болот. Ага бюджет да кетирүү зарыл.

 

--Өкмөттө эң көп сынды айыл чарба министри Нурбек Мурашев угат. Өзүңүз деле көрүп жатасыз го?

--Жыйындар залында, өзүнчө чакырып алып да болушунча сын пикир айтам. Аны көрүп жатасыздар. Бирок айыл чарба министринин иштеринин баш аягы көрүнбөйт, абдан татаал министрлик. Кээ бир агенттиктер министрликке эмес, өкмөт башчыга баш ийбейт. Бир сөз менен айтканда министрликти башкаруу абдан оор. Аракет кылып жатат, ошол эле учурда кемчилиги да жок эмес. Нурбек Мурашев идеалдуу министр деп айтпайм.

Баян Кулова

Булак: Мантыш

Последние новости