www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Фейсбук" корпорациясынын негиздөөчүсү жана башкы директору Марк Цукерберг шейшемби-шаршемби күндөрү АКШнын Сенаты менен Эл өкүлдөр палатасында социалдык желенин миллиондогон колдонуучуларынын жеке маалыматтары чыгып кетиши тууралуу көрсөтмө берет. Бул тууралуу Азаттык билдирди.

Мурдараак анын кагаз жүзүндөгү көрсөтмөсү Конгресстин Энергетика жана соода комитетине жөнөтүлгөн. Өз көрсөтмөсүндө ал бул боюнча күнөөсүн моюнга алган.

Британиядагы "Cambridge Analytica" компаниясы ар кайсы өлкөлөрдө саясий өнөктүккө колдонуу максатында "Фейсбуктун" колдонуучуларынын жеке маалыматын топтогону ачыкка чыккан. Соңку маалыматка караганда, бул компания 67 миллион колдонуучунун маалыматын алган.

"Фейсбуктун" негиздөөчүсү Марк Цукерберг анын компаниясы кардарлардын жеке маалыматтын коргоодо кетирген каталары үчүн кечирим сурады.

Буга чейин "Фейсбук" компаниясы Орусиядагы "троллдор фабрикасына" байланышы бар экени маалымдалган 250дөн ашык баракчаны жапты. Ал баракчалар көбүнчө орус тилинде маалыматтарды таратканы, алардын Кыргызстанда кеминде 35 миң окурманы бар экени белгилүү болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости