www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн жумадан бери өкмөттүн өңүн өзгөртүү аракеттери күч алып жаткандыгы баарыбызга маалым. Мына дал ушундай учурда кой оозунан чөп албай, иштен башын албай иштеп жаткан өңдөнүп көз жаздымга калган аткаминерлер бар. Алсак өткөн сандарыбызда айтып өтөн мамлекеттик ветеринардык фитосанитардык инспекция, билген намазыңарды окугула дедиби, айтоор өкмөт да Жогорку Кеңеш да көзөмөлгө албады.

Башкасын коюшсун бир эле  малдарды идентификациялоо боюнча базаны эле сурашсынчы. Эмне деп жооп берээри бизге да кызык болуп туру. Ал эми жеке менчикке өтүп жаткан лабораториялар, борбордук базарда сатылып жаткан эттердин справкалары тууралуу Калысбек Жумакановдун да, өзүн"хан" сезген Муратбек Абдраевдин да уккусу жоктой.

Эгер ветинспекеция таппай жатса редакцияга кайрылсын бизге көзгө сайып көрсөтүп берели таң атпай Аламүдүн, Ош базарынын айланасындагы малдардын эти кандай сатылып жаткандыгын. Мындай иш кылбай айылчылап жүргөн аткаминерлерди тазалай турган учур келип жетти окшойт. Премьер министр Сапар Исаков дал ушундай адамдардын айынан эффективдүү иштер болбой жаткандыгын Айбек Калиевден кийин түшүнсө болот.

Эртең кудай сактасын бирок малдын жугуштуу ылаңынын бир түрү чыкса ээгин тиштеп калаары турган иш. Ал эми аталган инспекциянын чуулгандуу Оштогу, Таластагы иштери, жеке менчик лабораториялар жана вакцинация тууралуу кийинчерээк иликтөө бүткөндөн кийин чыгарабыз.

Барсбек Акылбеков

Булак: lenta312.kg

Последние новости