www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыздын бир жакшы касиети бар. Жатканды теппеген, кеткендин артынан сүйлөбөгөн, тарыхты сыйлаган. Таш доорунан бери айкөлдүк, кечиримдүүлүк, сабырдуулук, деген жакшы касиеттерибизди колдончу жерге колдонбой пайдасыз нерселерге колдонуп келдик.
Байкасаңар Акаев менен Бакиевди жаман көргөндөр менен бирге аларды аябай колдогондор дагы бар. Мына кыргыз ушундай ар тараптуулугу менен, сырдуулугу менен кыргыз. Айтайын дегеним Атамбаев кеткен киши. Өзүнүн мүнөзүнө жараша жыгылган сыяктуу абалга жакындап баратат. Ошого байланыштуу мурунку тарыхыбыз катары Атамбаевге боору ачып, анын кылыктарын, анын атайын кетирген кемчиликтерин (Кой-Таш, Дача Су) унуткандар чыгаары турган иш. Бирок, өнүгө турган коом андай болбошу керек. Акаев 15 жыл кыргызстандын башында туруп коррупцияны гүлдөтүп бирок жоопко тартылбай кетип калганы үчүн кийинкилери "боло берет кыргызга" деп ТЭЦ уурулуктарын жазап жатышат.
Ошондуктан биз Атамбаевдин кетирген кемчиликтерин тыкыр иликтенишин дайым талап кыла беришибиз зарыл. Мейли акталабы же күнөөлүү деп табылабы коомдук атайын иликтөө тобу же комиссия бул кишиге байланыштуу чуулгандуу иштердин бардыгын ачыктап "ак же көк" деген баа бериши керек. Ошондо тарыхта тумандуу, талаштуу пикирлер болбойт. Таза тарых жазылып андан келечек муун сабак алат.
Мамлекеттин 5 белгиси бар. Анын эң негизгилеринин бири "акыйкат жазалоо системасы".
Ал эми Сапар Исаков, Абдил Сегизбаевдер болгону Атамбаевдин куралы. Алар жеке өзүнчө пикирге эч качан ээ боло алган эмес.
Жакшылык Бердибек уулу
Булак: NazarNews.kg