www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Капыстан азыркы Сапар Исаков башкарган өкмөт тароого муктаж болсо ажо кайсыл фракцияга ишеним көрсөтөт деген суроо көбүнүн башын тегеретип жатканы ырас. Кандай болгон күндө да президент Сооронбай Жээнбеков көпчүлүк коалицияны түзүүгө башкаруучу партияга ыктаары турган иш. Эгерде башка “үйүрдөгүлөргө” ооп кетсе анын позициясындагы мурдагы көз карашы талкаланат десек айкындыкка жакын болгону турат. Ошондуктан шайлоодо негизги күч катары тикесинен туруп берген КСДП ны бел тутаары талашсыз.

Ал эми башка фракциялардын өкүлдөрү менген деле кырды бычак болууга жол бербейт. Анткени талылуу маселени парламенттен гана чечүүгө мүмкүн экенин аң-сезимдүү адам айттырбай сезет. Көпчүлүк коалицияга эми “Республика Ата-Журт” фракциясы кирип, төрдөн орун алып калышы ыктымалдыгы жогору. Баягыл Бабановдун “камчылары” учурда азчылыкты түзүп калды. Демек, алардын тыбырчылаганынан мындан ары натыйжа чыкпайт.  Таасири кайткан лидердин сөзүн бириси да кубаттай албай калганын сокур киши деле баамдаганга жарайт. Ал эми өкмөт башчынын тактысына ким отурарын азырынча шардана кылбай туралы. Баары бир социал демократтардын энчисинде болорун гана шыбырап коелу?

Булак: Ачык сөз

Последние новости