www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Медицина кызматкерлеринин коронавирус жуктуруп жатканына премьер-министри менен Каржы министрлиги күнөлүү. Мындай пикирин бүгүн, 30-апрелде Жогорку кеңештин жыйынында депутат Алтыбек Сулайманов билдирди.

Депутатын айтымында медицина кызматкерлеринде коронавирустан коргонуучу атайын каражаттар жок болгондуктан жуктуруп жатышат.

“Былтыркы жылы 1 млрд сом бюджеттен ашып калды. Бюджетти сиз аткарган жоксуз. Милдеттүү түрдө медициналык камсыздандыруу фондунан бербей койду. Саламаттыкты сактоо министрлигине толук каржы болгон жок. Быйылкы жылы 497 миллион сомду өз убагында берген жоксуңар. Ошон үчүн медицина кызматкерлери ушундай ооруга чалдыкты”,-деп депутат Алтынбек Сулайманов Мухаммедкалый Абылгазиевге айтты.

Ошондой эле, депутат өкмөт медицина кызматкерлерин керектүү каражаттар менен камсыз кылуунун ордуна сырткы карызды төлөөгө шашылып, чуркап жатышканын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости