www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында  Каныбек Иманалиев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылып, токтомду сындады.

"Ушул токтомду жазганда ылайыктап жазбайсыздарбы? 1-пункутта 1-майдан баштап иштей турган экономиканын тармактарын жазыпсыздар. Анда, химиялык өнөр жайы бар экен. Кыргызстанда химиялык өнөр жайы, машина куруу, прибор жасоо барбы? Эми жазып койгула "кеме куруу, ядорлук согуштарды чыгаруу, атомдук куралдарды чыгаруу, космостук өндүрүштү чыгарууну 1-майдан баштап уруксат" деп. Казакстандан көчүрүп алганыңарды кичине жашырбайсыңарбы?

Өкүнүчтүү! Өзбекстан, Казакстан миллиарддап элге жардам берип жатса, биз айла жоктон бир кап ун бергенибизди айтып жатабыз. Күн сайын бир кап ун бере албайбыз. Эл сизден ун күтпөйт, эл сизден реформа күтөт. Эгерде, кризис бүтсө, биринчи кайсы тармактан реформаны баштай турганыңар тууралуу маалымат беришиңер керек", - деди Иманалиев.

Белгилей кетсек, бүгүнкү жыйында депутат Руслан Казакбаев да токтомду Казакстандан көчүрүлгөн деп айтып өткөн эле.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости