www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Буга чейин Жогорку Кеңеште өзүнүн бийликтин дарегине карата айтылган сындары менен оппозициялык позициясын билдирил келаткан башкы бир болчу Алтынбек Сулайманов эми бул бийликке расмий оппозиция болот. Бул тууралуу "Бир Бол" партиясынын мүчөсү Алмамбет Шыкмаматов билдирди.
Анын айтымында, партия жеңишке жеткен күндө бүгүнкү бийликке оппозициялык фракция болмокчу.
"Өлкөдө реформалар болушу үчүн өкмөттүн туруктуу эрки, энергиясы болушу зарыл. Күчтүү өкмөт парламент күчтүү болгондо гана пайда болот. Парламент негизги реформалардын идеологу болушу керек. Жогорку Кеңеш мыйзамдарды кабыл алуу менен мамлекеттеги экономикалык, социалдык, коомдук өзгөрүүлөрдүн аянтчасы болушу шарт. Оң өзгөрүүлөрдүн баары парламенттен башталууга тийиш. Алсыз парламент алсыз өкмөттү түзөт. Өкмөттүн алсыз болуусу мамлекеттин алсызданышына алып келет. Күчтүү парламент күчтүү өкмөттү жаратат, мамлекетти бакубатчылыкка алып келет. Биз бүгүнкү бийликке оппозиция болобуз. Күчтүү оппозиция - бул жоопкерчиликтүү өкмөт", - деди А.Шыкмаматов.
Булак: Майдан.kg