www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактагы “маңкуртизм”

Ошентип жакында парламенттик шайлоо. Күрөш тымызын башталып, алдыга кадам таштагандар маарага жетиш үчүн “старт” алды. Тилекке каршы Алмазбек Атамбаев айткандай, “чимкириги” деле “ити менен бити”, “төшөктөштөрү” деле депутат болгусу келип, мамлекеттик кызмат менен мыйзам эмне экенин түшүнбөгөндөр эшек минип, камчы кармап алдыда бара жатат.

Бирок Сиз окурман эшекке камчы жарашпай турганын билесизда.

Эми ток этээрине токтололу. Баардыгы болуп парламенттик шайлоого карата алакандай Кыргызстанда 44 партия катталды. Ошентип топудай калк, бөлүнүп-жарылып олтуруп томуктай калкка айланып, партия менен партияга бөлүнүп социалдык тармактарда бөлүнө баштады.

Эң өкүнүчтүүсү социалдык тармактагы 95% жарандар партиялардын программаларына эмес, партиядагы тизмелер гана кызыктуу болуп жатканы таң калычтуу. Бул көрүнүш кыргыз эли үчүн өтө кооптуу жана “маңкуртизм”!

Кыргызстан үчүн азыр мыкты мыйзамды түшүнгөн, чет өлкөнүн кызыкчылыгын көздөбөгөн депутаттар керек. Ошондой эле келерки парламент 2010-жылдагы апрелчи, декрет менен боюнда болуп келген Убактылуу Өкмөттүн жоголуп кеткен Баш мыйзамын жокко чыгарып, 1993-жылдагы Баш мыйзамды кабыл алып берсе атаганат, тизелеп рахмат айтат элек.

Гүлжан Шерипбаева, NazarNews.kg

Последние новости