Алтынбек Сулайманов эмне үчүн суракка чакырылганын айтты
Саясат  |   |  701

Бүгүн, 15-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов сурактан кийин Ички иштер министрлигинин имаратынан чыкты.

Анын айтымында, ал бир катар ишмерлеринин төңкөрүш даярдалып жатат делген кайрылуусуна байланыштуу иш боюнча күбө катары суракка алынган.

Мындан тышкары, депутат Жанар Акаев дагы Ички иштер министрлигинде сурак берүүдө.

Сулаймановго Акаев кайсы иш боюнча суракка чакырылганын белгисиз.

Депутат Бактыбек Жетигенов менен саясатчы Туйгуналы Абдраимов да сурак берүүдө.

Булак: NazarNews.kg 

Поделитесь с друзьями