www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үчүнчү чакырылыштын депутаты Алтынбек Сулайманов саясатта кыйла такшалып, куулугу да артып, бышып турган маалга жетип калгандай. Өзү башында партиялык системаны жактап, анын ичинде преференционалдуу жолдо добуш берүүгө үндөп, мыйзамды да ушул жагынан бекемдетип таштаган.

Мындайча айтканда, талапкерлердин тизмеси ачык жарыяланып, шайлоочулар аларды тандашат. Карапайым эл үчүн бул көрүнүш түйшүк жаратары бышык. Номерлерден адашуулар, дээрлик башаламандык орун алышы ыктымал. Кызык бекен?

Мындай шартта Алтынбек Сулайманов бир топ саясатчыларды: ышкы боздорду артынан ээрчитип, бир партияга биригүүгө ынтызар болуп жаткан.

Акырында кырдаалды терең түшүндүбү, альянс катары жалпылашуудан майнап чыкпасын сездиби, айтор, өзү Ноокаттан эле бир мандаттуу округдан аттанууга оолуга баштаптыр.

Себеби, ал жактагы негизги атаандашы Төрөбай Зулпукаров түрмөдө отурбайбы. Анчалык деле айыгыша турган күчтөр жок. Мандат алууга шанс бар. Ушундан улам бир икая эске түшөт да.

Баягы «убойный цехке» кой-козуларды ээрчитип барып, өзү башка тешиктен чыгып кеткен текенин ролун ойноп калдыбы? Азырынча дагы убакыт бар. Күтө туралы.

Алтынбек Сулаймановду жандаган талапкерлер чын эле ара жолдо калышабы?..

Булак: Азия News гезити

Последние новости