www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Талибан” кыймылынын лидерлеринин бири, ооган өкмөтүндө вице-премьерлик милдетти аткарып жаткан Абдул Гани Барадар ички чырдан улам өлтүрүлгөнү же жарадар болгону тууралуу жоромолдорду четке каккан видео жарыяланды.

Анын Катар өлкөсүнүн улуттук телеканалына курган маегин талибдердин Доха шаарындагы саясий кеңсеси 15-сентябрда “Твиттерге” жарыялады.

Видеодо ал «Жок, бул чындыкка жатпайт. Мен аман-эсенмин» деп, Кабулда жаңы өкмөт ичинде бийлик бөлүштүрүүдө талаш жүрүп жатканы тууралуу маалыматтарды да четке какты.

Ооганстанда бийликти басып алган “Талибандын” жүзү катары эл аралык коомчулукка таанылган Барадардын ички жаңжалда ок жаңылып жараат алганы, атүгүл каза тапканы тууралуу кабарлар акыркы бир нече күндөн бери тарап жаткан.

54 жаштагы молдо Барадар “Талибан” кыймылынын негиздөөчүлөрүнүн бири. Ал 2010-жылы АКШ менен Пакистандын чалгын кызматтарынын операциясынын алкагында Карачиде кармалган. Барадар сегиз жыл Пакистандын түрмөсүндө отургандан кийин эркиндикке чыккан. Мындан кийин "Талибандын" Дохадагы саясий кеңсесин жетектеп, талибдердин атынан эл аралык сүйлөшүүлөргө катышкан.

2020-жылдын башында Ооганстандагы 20 жылдан бери уланып жаткан согушту токтотууга багытталган АКШ менен түзүлгөн келишимге кол койгон.

Быйыл августта эл аралык коалициянын аскерлери Ооганстандан чыгып жатканда бийликти басып алган Абдул Гани Барадар "Талибандын" атынан бир катар убадаларды берип, «Эми биз улутубузга кызмат кылып, коопсуздугун сактап, келечекте тынч жашоо үчүн ыңгайлуу шарт түзүү үчүн кандай иштей аларыбызды далилдей турган мезгил келди» деген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости