www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЖККУ Ооганстан боюнча билдирүү кабыл алды

Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюму Ооганстандагы абал боюнча билдирүү кабыл алганын ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зас Тышкы иштер министрлер кеңешинин, Коргоо министрлер кеңешинин жана Уюмдун Коопсуздук кеңештеринин катчылар комитетинин биргелешкен жыйынынан кийин билдирди.

«Делегациялардын башчылары ЖККУнун Жамааттык Коопсуздук Кеңешинин Декларациясынын долбоору боюнча жалпысынан бир пикирге келишти жана бир катар билдирүүлөрдү кабыл алышты. Аатап айтканда, ЖККУга мүчө мамлекеттердин «Ооганстандагы абал боюнча биргелешкен билдирүүсүн, тышкы иштер министрлеринин билдирүүсүн Маалымат коопсуздугу жана кибер терроризмге каршы күрөшүү жаатындагы биргелешкен аракеттерди координациялоо жөнүндө», Тышкы иштер министрлеринин Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкадагы кризистерди жөнгө салуу боюнча биргелешкен аракеттери жөнүндө билдирүүсү жана тышкы иштер министрлеринин биргелешкен билдирүүсү «Принциптерге берилгендигин ырастоо Бириккен Улуттар Уюмунун Уставы жана алардын так сакталышын камсыз кылуу үчүн кызматташтыкты күчөтүү», - деди Зас.

Эске салсак, Талибан өкмөттүк күчтөргө каршы чабуулун бир ай мурун күчөтүп, 15 -августта Кабулга кирип, эртеси күнү согуш бүткөнүн жарыялаган. Ооган президенти Ашраф Гани «кыргынды болтурбоо» каалоосун айтып, өлкөдөн чыгып кетти. 31-августка караган түнү америкалык аскерлер Кабул аэропортунан чыгып, АКШнын 20 жылга жакын Ооганстандагы аскердик күчтөрү токтоду.

Ал эми 6 -сентябрда талиптер Ооганстандын 34 провинциясынын акыркысы Панжшир өздөрүнүн көзөмөлүнө өткөнүн жарыялашкан. Эртеси күнү Ооганстандын убактылуу өкмөтүнүн курамы жарыяланды. Аны биринчи «Талибан»* башкаруусу учурунда тышкы иштер министри болуп иштеген жана БУУнун санкцияларында турган Мохаммад Хасан Ахунд жетектейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости