Аппак роза сунуп... Садыр Жапаровду Душанбеде тосуп алган видео
Расмий кабарлар  |   |  14194

Мамлекет башчысын траптан Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода тосуп алды. Жапаров ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына жана ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын отурумуна катышат.

Президент Садыр Жапаровду ташыган №1 борт Душанбе шаарынын эл аралык аэропортуна конду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдирди.

Мамлекет башчысын траптан Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода тосуп алды.

Аэропорттун флагштокторунда мамлекеттик туулар илинген, килемче төшөлүп, ардактуу кароолдун ротасы тизилген.

Эске салсак, иш сапардын алкагында Садыр Жапаров ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына жана ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын отурумуна катышат.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями