www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаровго жети облустан кайрылуу түшүп, катка Маданият ишмерлери "Туйгуналы Абдраимов, Бакыт Жетигенов, Курсан Асанов, Жанар Акаев, Азамат Мусакеев, Исмаил Исаков, Акматбек Келдибеков, Алтынбек Сулайманов, Жылдызкан Жолдошева жана башка жарандар баштаган адамдар 17-сентябрь күнү 100 миң киши алып чыгып, курал-жарак менен бийликти алмаштырабыз" деп жатканы үчүн аларга чара көрүү талабы жазылган.

Жогорку Кайрылуу аты аталган саясатчыларды дүрбөлөңгө салып, алды ИИМдин эшигин аттап, бир күндүк убакытын сурак менен өткөрүп чыкты. Бизге жеткен маалыматтарга таянсак, эртең, 16-сентябрда саат 14:00 “эки достун” суугуна тоңуп, ысыгына күйүп, оор күндөрү аларга тирек болгон, эки достун эркиндиги үчүн 11 жыл экс-президенттер менен коркпостон күрөшүп келген, саясатчы Жылдызкан Жолдошова суракка чакырылган. Жалган жалаа менен күнөөлүү кылганга аракеттенген тергөөгө алынган "жолборстун ургаачысы" ылакабы бар Жолдошова, сурактан коркуп деле койбосо керек. Эки достун бул аракетин коомчулук кандай кабыл алат?... Кеп ушунда...

Эске сала кетсек, каргашалуу Кайрылуудан кийин, Жанар Акаев, Алтынбек Сулайманов, Ахматбек Келдибеков, Бакытбек Жетигенов, Чүй облусунун мурдагы башчысы, БШКнын экс-төрагасы, саясатчы Туйгунаалы Абдраимов сурак берип чыкты.

Сурактан чыккандан кийин Жанар Акаев, өзүнө кылмыш иши козголгондугун билдирди.

Ал эми, 14-сентябрда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов Жазык кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” деген 309-беренесинин негизинде шектүү катары кармалган. 15-сентябрда Курсан Асановдун шайлоо штабында иштеген Алмаз Сарыбаев кармалды. Сарыбаевдин атасы, Айылчы Сарыбаев уулунун эмне себептен камакка алынгандыгын түшүнбөй тургандыгын билдирди. “Менин уулум эч кандай кылмыш ишине барган эмес жана барбайт”, - деди ал.

Маалыматка ылайык, Сарыбаев бийликти күч менен басып алуу боюнча тараган маалыматтын негизинде суракка чакырылган. Ички иштер министрлиги жогоруда аталган саясатчылар боюнча расмий маалымат бере элек.

Төмөндө бурмаланган Кайрылуу:

Төмөндө Кайрылуунун түп нускасы: 

Тилекке каршы, акын Сонунбүбү Кадырова "Кайрылуу бурмаланган" деп актанганы менен Кайрылуу жазылган барактардын түстөрүнөн баары даана байкалып турат. Калганын тийиштүү органдар тактаса, бүгүнкү суракка чакырылгандардын баарынын ордун Кадырова басып калбайбы? - деген суроо жаралат.

Эске сала кетсек, президентке жазылган Кайрылуу бурмалангандыгын Сонунбүбү Кадырова буга чейин билдирген. Ал эми кагазда аты аталган айрым адамдар кайрылууга кол койбогонун билдирип чыгышкан.

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

 

 

Последние новости