ВИДЕО - Суракка чакырылган саясатчыларды тарапташтары тосуп алды
Саясат  |   |  1195

Бүгүн, 15-сентябрда суракка чакырылган саясатчылардын тарапташтары Ички иштер министрлигинин имаратына чогулуп саясатчыларды тосуп алышты.

Бөлүмдүн жанында 30дан ашык адам байкалууда.

Топтолгондордун арасында көрүнүктүү саясатчыларды да көрүүгө болот.

Белгилей кетсек, буга чейин депутаттар Жана Акаев менен Алтынбек Сулайманов, ошондой эле БШКнын мурдагы төрагасы Туйгуналы Абдраимов ИИМдин Тергөө кызматына суракка керишкен. Сулайманов, Келдибековдор сурактан чыгып кетти, калганы азырынча чыга элек.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями